25-сентябрда Республикалык кан борборунда ыктыярдуу жана акысыз донорлордон кан чогултуу акциясы өтөт. Иш-чара Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60 дарегинде уюштурулат.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акциянын негизги максаты калкты кан менен жетиштүү камсыздоо. Ошондой эле үзгүлтүксүз донорлуктун маанисин жайылтуу, жаштарды бири-бирине жардам берүүгө үндөө жана донорлорго ыраазычылык билдирүү көздөлөт.
Кыргызстанда Кан донорунун улуттук күнү жыл сайын сентябрдын акыркы жекшембисинде белгиленет.
Өлкөдө калкты донордук кан менен камсыз кылуу көрсөткүчү миң адамга 12 донорду түзөт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушуна ылайык, бул көрсөткүч миң адамга 40 донор болушу керек. Ошондуктан Кыргызстанда кан донорлугуна муктаждык туруктуу бойдон калууда.
25-сентябрдагы акцияга катышып, донор болууну каалагандар өздүгүн тастыктаган документин ала келиши керек. Кан тапшырар алдында майлуу, куурулган жана сүт азыктарын колдонбоо сунушталат.
Министрликтин маалыматына ылайык, Республикалык кан борборунда жыл сайын болжол менен 30 миң 500 литр донордук кан даярдалат. (ZKo)