Бишкек шаарына 137 жыл

Биринчи Май райондук администрациясына караштуу Чыгармачыл балдар борборунун окуучулары Панфилов паркында өздөрүнүн жаш досторуна атайын концерт тартуулашты.   

Баш калаанын аянты 12,7 миң гектар. Расмий маалыматтар боюнча 2012-жылдагы калк санак боюнча элдин саны - 874,4 миңге чукул деп айтылган. Бейрасмий маалыматтарга караганда, учурда Бишкекте миллиондон ашуун калк жашайт.  

1938-жылы Бишкекте үч административдик район - Пролетар (азыркы Ленин), Биринчи Май, Свердлов райондору түзүлгөн. 1961-жылы шаарга Кызыл-Аскер, Төкөлдөш айылдары, Аламүдүн, Көк-Жар айылдарынын бир бөлүгү, 1984-жылы Чоң-Арык, Орто-Сай айылдары кошулган. 1974-жылы жаңы - Октябрь району түзүлгөн.
 

Учурда Бишкек шаары төрт райондон, бир шаарча жана айылдан турат. Алар: Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, Чоң-Арык шаарчасы жана Орто-Сай айылы.

 ​Тарыхый маалыматтарга караганда, азыркы Бишкек жайгашкан аймакта адамдар биздин заманага чейинки 5-4 кылымдар эле отурукташа баштаган. VII-кылымдан баштап Бишкек калаасы Жул шаарчасы катары таанымал болгон деген маалымат бар. 

​Ал эми 1825 –жылы бул жерде Кокон хандыгы Пишпек чебин курган. Кийин аны орус армиясы талкалап, өз аскерлерин жайгаштырган. 1878-жылы Бишкек Жети-Суу уездик аймагында шаары деген макамга ээ болгон. Шаардын тургундары соода-сатык, багбанчылык менен алектенишкен.

Совет бийлиги орногондон киийн Бишкек Түркистан автономдук республикасынын курамына кошулуп, Кара-Кыргыз автономиясынын борборуна айланган жана 1926-жылы Фрунзе ысымын алган.

1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алган соң шаарга тарыхый Бишкек аты кайтарылган.  

Айрым маалыматтар боюнча 18-кылымда Бишкек аттуу баатыр ушул аймакты жердеп, журтту душмандардан коргоп турган. 19-кылымдын башында кыргыз феодалдарынын өз ара чатагынан пайдаланган Кокон хандыгы Чүй өрөөнүн басып алып, жергиликтүү элди башкарып туруу үчүн бир катар чептерди курдурган.

Бишкек шаары көп улуттуу. 2000-жылдагы расмий маалымат боюнча шаарда 52, 2 пайыз кыргыз, 33, 2 пайыз орус, 11, 2 пайыз украин, 1, 6 пайыз казак, 1, 6 пайыз өзбек, 2, 1 пайыз татар, 0, 7 пайыз немис, 0, 5 пайыз дуңган, 1, 7 пайыз уйгур ж. б. улуттар жашайт.  

Бишкектеги майрамдан бир көрүнүш

Оюн-зоок көрүп жаткан балдар

​Шаардын түптөлүшү 1878-жылдын 29-апрели деп эсептелинет. Бул күнү Орусиянын аскер губернатору Токмок уездинин борборун Пишпек шаарына көчүрүү тууралуу команда берген. Пишпек 1926-жылдын 12-майында Фрунзе, 1991-жылы 1-февралда Бишкек болуп өзгөргөн. Бирок, Бишкек күнү акыркы эки жылдан бери сентябрь айынын акыркы жекшембисинде майрамдалып келген.  Бул жолу ал салтанат октябрдын акыркы жекшембисинде белгиленди.