“Кызы сагынып, куса болуп жүрөт”. Жогорку Сот Аранованын арызын четке какты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Сот 3-августта социалдык тармактарда жазган пикири үчүн соттолгон Каныкей Аранованын арызын четке какты. Мекеменин басма сөз кызматы отурумду өткөрүүгө Каныкей Аранованын жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароо өтүнүчү себеп болгонун айтууда. Ырысгүл Аранова сиңдисинин сотуна катышуу үчүн атайын Оштон келген. Анын айтымында, соттук отурум күтүүсүз, чукул өткөн. Каныкей Аранова 2024-жылдан бери Степное айылындагы №2 түзөтүү абагында отурат.