Мектептеги коопсуздук: Эки окуучу ур-токмоктон каза болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Өспүрүмдү даратканада 11-класстын окуучулары сабап, ошол жерде жан бергени кабарланды. Облустук милиция окуяга катышы бар делген төрт окуучуну камады. Буга удаа эле Сузакта 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканы белгилүү болду. Ур-токмоктон каза тапкан өспүрүмдөрдүн мектепке барганына эки гана күн болгон эле. Удаа катталган эки каргаша мектептеги окуучулардын коопсуздугу тууралуу маселени кайра козгоду.