Эшимкановду эскеришти

Адам Эшимканов, уулу, 7 жашта: Бардыгыңыздарга чоң рахмат! Атамды унутпагыла...

Мелис Эшимканов - чыгаан журналист, тажрыйбалуу саясатчы жана коомдук ишмер. Ал 1990-жылдары советтик жасалма жана тажатма журналистикадан заматта карапайым элдин сөзү менен сүйлөгөн гезитти чыгарып, жумурай журтка дүң салган.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев

Эшимканов атындагы сыйлыктын биринчи жеңүүчүсү - журналист, публицист Алым Токтомушев. Жеңүүчүгө атайын диплом, төш белги жана 100 миң сом ыйгарылды.

Белгилүү публицист Эсенбай Нурушев жеңүүчүгө төш белгисин тагууда.

Таанымал акын Кыялбек Урманбетов

Мелис Эшимканов өткөн жылдын 15-сентябрында 49 жашында дүйнө салган. Ал 1962-жылы 9-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман айылында туулган. 1985-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.