Өзгөчө чоң коркунучту орусиялык баллистикалык ракеталар жаратууда. Дал ошондой чабуулдардын мизин кайтаруу үчүн Киев АКШнын жардамына муктаж. 8-июлда Анкарада өткөн НАТОнун саммити учурунда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Украинага "Пэтриот" системаларынын ракеталарын чыгаруу үчүн лицензия берилерин айтты.
НАТОнун мүчөлөрү Украинага 70 млрд евро бөлүүнү убадалашты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
9-июлга караган түнү орус армиясы украин аймагын "Искандер-М" үлгүсүндөгү эки баллистикалык ракета жана 94 дрон менен аткылаганын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы билдирди. Анын алдыңкы күнү Сумы облусу 24 сааттын ичинде 50 жолу соккуга туш болгону маалымдалды.