Нургазынын АКШдагы сырдуу өлүмү

АКШнын полиция кызматкерлери. Калифорния. Март, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда полициянын огунан көз жумган Нургазы Мамыров ким болгон? Ал кандай жол менен океандын ары жагына кеткен?

5-октябрда Американын Пенсильвания штатында 27 жаштагы Нургазы Мамыров полициянын огунан каза болду. Окуянын чоо-жайы азырынча расмий айтыла элек. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

"Нургазы кичи пейил жигит эле"

Нургазы Мамыров ноябрь айында 28 жашка толмок. Бала чагы Кант, Бишкек шаарларында өткөн. Борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын бирин аяктап, экономист кесибине ээ болгон.

"Максаттары абдан бийик эле. Иним ар дайым алдыга умтулуп турчу", -деп улуу агасы Адилет Мамыров оор үшкүрүнөт.

Нургазы төрт уулдун эң кенжеси болчу. Атасы инженер, апасы педагог. Бир үйдүн көкүрөк күчүгү болгонуна карабай байкелериндей болуп бактысын чет жактан издеп жөнөйт.

Ал үч жыл мурда АКШга Мексика аркылуу барган. Досу Максат экөө дал ошол эки өлкө чектешкен жердеги убактылуу кармоочу жайдан таанышкан.

Маркум Нургазы Мамыров.

"Бир жарым ай чогуу болдук. Мен чыгып кеттим. Нургазы бир жыл эки айдан кийин гана чыкты. Анткени ал жактан биринчи сотто утулуп калды. Анан доо арыз менен кайрылып, иши оң чечилген соң гана чыкты", - деди досу Максат. Анын айтымында, Нургазы англис тилинде эркин сүйлөчү, бокско кызыгар эле.

Ал теңтушун кичи пейил, ак ниет жигит эле деп эскерди. АКШда Кыргызстандан баргандардын көбү оор жүк ташуучу машине же трак айдап иштешет. Нургазы да алгач агасы Адилетке жардамдашып жүрүп, кийин өз алдынча бөлүнүп трак айдайт.

Досу Максаттын айтымында, Нургазы Кыргызстанга бара албагандыктан, тревел же Америкадан сыртка чыгып келүүгө жол ачкан документ колуна тийгенде Грузияга барып, көптөн бери сүйлөшүп жүргөн кызына баш кошкон.

Нургазы АКШда үй-жай алып, аялын алып келүүнү пландап жатканын анын агасы Адилет айтып берди:

"Жакында эле 80 миң доллар баштапкы төлөмүн төгүп үй алган. Жаңы оор жүк ташуучу машине сатып алган эле. Жыл башында үйлөнгөн. Аялы Кыргызстанда болчу. Аны Америкага алып келүү үчүн аракет кылып жүргөн".

Чоң жүк ташуучу автоунаа (трак).

5-октябрда Нургазы Мамыровдун полициянын огунан өлгөнү тууралуу үрөй учурган кабар чыгары менен эле социалдык тармактарда ар кандай пикирлер жазылды. Алардын айрымдары Нургазы өзү иштеген трак компаниянын жетекчиси Адилет Муратбеков менен пикири келишпей жүргөнүн белгилешкен. Мындан улам "полицияга Муратбеков салып берген болушу мүмкүн" деген божомолдор айтылган.

Адилет Муратбеков деген ким?

2021-жылдын август айынын этегинде Нургазы Мамыров кыргызстандык жигит Адилет Муратбеков жетектеген трак компанияга ишке орношот. Экөө андан эки апта мурда таанышкан.

Адилет Муратбеков 2018-жылдан бери трак компания иштетет.

"Менин компаниям машинеси бар айдоочулар менен өнөктөш катары иштешип, аларга жүк таап берип, бухгалтериясын, коопсуздугун карайбыз. Бул кызматыбыз үчүн 12% алабыз".

Муратбековдун компаниясы азыр 60тай айдоочу менен кызматташат.

Нургазы экөө күн алыс сүйлөшүп, ал-жай сурашып турушкан. Адилеттин айтымында, акыркы күндөрү Нургазы атасы ооруп жатканын айтып, санаага батып жүргөн.

Каргашалуу окуядан бир аз мурда Адилет Нургазы менен иш келишимин токтотууну чечет.

Муратбековдун айтымында, буга Нургазынын "кызыктай жүрүм-туруму, түшүнүксүз сөздөрү" себеп болгон. Мындан улам ал Мамыровго чалып, кызматташууну токтоторун айтып, компаниянын трейлерин (Тракка чиркелген жана жүк ташууга багытталган прицеп. Адатта АКШда тракка чиркелген прицептердин көбүндө алыс жактарга жүк ташыган айдоочу үчүн жашоого бардык шарттары бар болот) кайтарып берүүнү талап кылат.

Нургазыдан оң жооп болбогондон кийин полицияга арыз жазууну туура көрөт. Мындай кадамга ал полициянын жана жакындарынын сунушунан кийин барганын айтат.

"Кеп трейлерде деле эмес болчу. Болгону мен анын түшүнүксүз жүрүм-туруму тууралуу айтып берсем, жакындарым "полицияга арыз жаз" дешти. Полициячылар өздөрү да сунушташты. Анткени анын жүрүм-туруму башкаларга коркунуч жаратышы мүмкүн дешти",- деген Адилет арызды 4-октябрда жазганын кошумчалады.

Соңку күндөрү Нургазынын маанайы жок жүргөнүн досу Максат да байкаган:

"Бир жолу отуруп алып ыйлады. Мен атасынын көзү өтүп кеткен го деп чочуп кеттим. Сурасам, "баары жакшы" деди. Мен ыйласа ыйлап алсын дедим. Балким бук болуп калса керек",- деп ойлодум.

Бирок агасы Адилет Нургазы жакшы эле жүргөнүн айтат. "Кандайдыр бир көйгөйү болсо мен билмекмин да",-дейт ал.


Каргашалуу окуя

Адилет арыз жазгандан бир күн өтпөй Нургазы полициянын огунан каза болот.

Окуя 5-октябрь күнү таңга жуук Американын Пенсильвания штатында болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттары Клинтон аймактык прокурору Дэвид Страуска таянып окуя тууралуу буларды жазышты:

"Белгисиз бирөө Грин-Тауншип аймагындагы эс алуучу жайда автоунаалардын айнектерин сындырып, жайкын тургундардын артынан кубалаганы тууралуу маалымат полицияга түшкөндөн кийин 5-октябрда түнкү саат 4.30да тартип сакчылары окуя болгон жерге барышкан. Полициячылар 27 жаштагы Нургазы Мамыров аттуу жигит өз жүк ташуучу машинесине бекинип алганын аныкташкан. Алар Мамыровдон машинеден түшүүнү талап кылышкан. Ал эми ал укпай, тескерисинче, полициянын эки машинесин сүзгөндө, тартип коргоочулар ага карай ок атышкан. Мамыров алган жарааттарынан ошол жерден жан берген. Айрым полиция кызматкерлери да жеңил жараат алышкан. Тергөө иштери уланууда. Прокурор Страус полиция тарабынан ок чыгаруу туура болгон-болбогону тергөөдөн кийин анык болорун айткан. Ал эми атышууга катышкан полиция кызматкерлери административдик эс алууга чыгарылган".

Социалдык тармактарга окуя болгон жерден тартылган видео таркап кеткен. Аны тарткандар кыргызча сүйлөп жатышканын угууга болот. Айрым маалыматтарга караганда, ошол жерге Эламан деген дагы бир кыргызстандык жигит кокустан барып калып, атышууга күбө болгон. Ал тургай ал Нургазы аны да коркутканын айтып жатат.

Азырынча Эламан менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Маалыматтарга караганда, Адилет менен Эламан бири-бирин таанышчу эмес.

Адилет Муратбеков бул окуяга анын тиешеси жоктугун айтат. Ал полиция Нургазыны анын арызынын негизинде эмес, башка себептерден улам аткан деген пикирде.

Ал эми маркумдун агасы Адилет Мамыров азырынча тергөө иштери бүткүчө ар кандай күмөндүү маалыматтарды таркатпоону суранды.

"Азырынча окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ар кандай имиштерге таянып, күмөндүү маалыматтарды таркатып жаткандар уялыш керек. Биз жөн жерден эле бирөөнү айыптагыбыз келбейт. Алгач баары аныкталсын. Азыр биз кошумча видеолорду күтүп жатабыз. Адвокат алдык. Мен баарынан суранат элем, азыр такталбаган маалыматтарды таркатуудан алыс болсок. Иним тууралуу айтылгандын баары, тарап жаткан видеолор баарынан да ата-энебизге, жакын туугандарыбызга катуу тийип жатат".

Маркум Нургазы Мамыровдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, жерге берилди.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул ишти көзөмөлгө алып, тергөө иштеринин жыйынтыгын күтүп жатканын маалымдады. Ал эми Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу кыргыз жаранынын өлүмү кылдат жана адилеттүү иликтенерин билдирген.