"Өз арызы менен кетсе кармабайбыз". Кадрдык өзгөрүүлөр

Кызматтан алынган министрлер Бообек Ажикеев, Медер Машиев жана Абсаттар Сыргабаев.

Өткөн апта башында Камчыбек Ташиевдин күтүүсүз отставкасынан кийин күч түзүмдөрүндө жана башка тармактарда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Алгач УКМКдан башталган кадрдык алмашуулар, парламент, өкмөт, прокуратурага чейин жетти.

Кызматынан алынган министрлер

Бүгүн, 16-февралда бир катар министрлер кызматынан алынды.

Президент Садыр Жапаров транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевди кызматтан алды. 49 жаштагы Абсаттар Сыргабаев буга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. 2020-жылы октябрда Жалал-Абад облусунун жетекчиси кызматын аркалаган.

Абсаттар Сыргабаев

Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ошол кезде Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил” партиясынан талапкер болгон. Ошондой эле партиянын тизмесинде бешинчи катарда турган. 2024-жылдын июль айынан бери транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеп келаткан.

Абсаттар Сыргабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы катары да белгилүү.

Президенттин башка жарлыгы менен бул транспорт министринин милдетин аткаруучу болуп Талантбек Солтобаев дайындалды. 43 жаштагы Солтобаев былтыр сентябрга чейин транспорт министринин орун басары болуп эмгектенген. Ал Нарын шаарындагы жолдун курулушунун кечеңдөөсүнө байланыштуу камакка алынып, кийин эркиндикке чыкканы белгилүү болгон.

Президенттин жарлыгы менен Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Жарлыкта Машиевдин кызматтан алынышынын себеби көрсөтүлгөн эмес.

Медер Машиев

54 жаштагы Медер Машиев 2024-жылдын сентябрь айынан бери министрликти жетектеп келген. Ал ага чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарлыгын аркалаган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп Акыл Токтобаев дайындалды. Буга чейин ал аталган министрликтин алдындагы "Кыргыз геология" ишканасынын директору болуп эмгектенип келген.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматынан бошотулду. 60 жаштагы Бообек Ажикеев 2020-жылдан бери министр кызматын аркалап келет. Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн.

1987-жылы Томск инженердик-курулуш институтун өнөр жай жана жарандык курулуш багыты боюнча аяктап, инженер-куруучу адистигине ээ болгон. 2007-2010-жылдары Кыргыз политехникалык институтунда бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча билим алган.

Анын ордуна Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эл арасында кызматтан кеткен министрлердин баары Ташиевге жакын кишилер катары айтылып жүргөн. Президент Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “эл арасында “досу койдурган министрлерди жана жакын адамдарын кызматтан ала башташты, айрымдары өз арызы менен кете башташты” деген сөздөр жүрүп жатат” деген суроого жооп берди.

“Өз арыздары менен кетип жаткандар болсо, кармабайбыз. Бирок бардык министрликтерде уурулук болгон жокпу, текшерилет. Уурдаган болсо жоопко тартылышат. Мен буга чейин дайыма өкмөт башчыдан баштап бардык министрлерге: “Кызматкерлерди аларда жакын тууган, дос, жердеш, бажа деп албагыла. “Мени авам сактап калат же акам сактап калат” деп, андайлар коркпой уурдайт” деп эскертип келдим. Эгер уурулуктары аныкталса, ким болбосун жооп берет. Кудайга шүгүр, мен жакындарымдын бирөөсүн дагы мамлекеттик жогорку кызматтарга жолоткон жокмун. Саясатка аралаштырган жокмун. Тээ жаңы келген кезде “эки кудасы бийликте олтурат” деп сындап чыгышканда экөөнү тең кетиргем. Экөө тең мен келгенге чейин эле ошол системада иштеп жүрүшкөн. Бирок ошого карабастан, “Туугандар, туура түшүнгүлө мага сөз тийип жатат, кызматтан кетип тургулачы” деп кызматтан алгам”, - деп айтты президент Жапаров.

УКМК дагы кадрдык өзгөрүүлөр

Жумгалбек Шабданбеков президент Садыр Жапаровдун колунан генерал-майор наамын алган күн. 2022-жылдын 23-февралы.

Ушу тапта Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылыгына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигинин каралышы күтүлүүдө. 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин атайын кызматта бир катар кадрдык өзгөрүүлөр жасалды. Дароо эле Жумгалбек Шабданбеков төраганын милдетин аткаруучу болуп дайындалган эле.

Расмий маалыматтарда ал 2020-жылдын октябрынан тартып УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин орун басары жана 9-кызматтын башчысы катары эмгектенип келгени жазылган.

9-кызмат өлкөнүн президенти, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, өкмөт башчысы өңдүү жогорку саясий жетекчилерди жана экс-президенттерди кайтарган атайын макамдагы орган.

Шабданбеков учурда 55 жашта. 2022-жылы ага генерал-майор аскердик наамы ыйгарылган. Атайын кызматтын ардагерлеринин айтымында, ал чалгын жаатында жогорку билим алган адис.

УКМК төрагасынын орун басары, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору Даниэль Рысалиев кызматынан бошотулду.

УКМК төрагасынын орун басары, Антитеррордук борбордун жетекчиси Элизар Сманов кызматынан алынды.

Курванбек Авазов УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматындагы Рустам Мамасадыков УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындады. Ал 2025-жылдын декабрь айында Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп бекитилген. 2019-2020-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Коопсуздук кеңешине катчы болуп Адилет Орозбековду дайындады. 48 жаштагы Орозбеков эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыкчам кызматкер болуп баштаган. Кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ар кыл тармагында эмгектенген. 2017-2019-жылдары Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти болуп иштеген. 2023-2024-жылдары президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти болгон.

2025-жылдан бери президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болгон.

Алишер Эрбаев - УКМК төрагасынын орун басары, Антитеррордук борбордун директору болуп дайындалды. 53 жаштагы Алишер Эрбаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон. 2016-2019-жылдары Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. 2019-2021-жылдары УКМКда кызмат кылган.

Уранбек Шадыбеков - УКМК төрагасынын орун басары, атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматына бекитилди.

Жогорку кызмат адамдарын кайтарган 9-кызмат дагы УКМК курамынан чыгарылып, президентке түз баш ийген Мамлекеттик күзөт кызматы болуп калды. Ага Сыргак Бердикожоев төрага болуп дайындалды. Ачык булактарда Бердикожоев тууралуу маалымат жок.

УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы алмашып, Элдар Жакыпбековдун ордуна Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын башчысы Улан Бийбосунов келгени айтылды.

Ортодо отурган Элдар Жакыпбеков. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.

Көп өтпөй Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков кармалганын ырастады. Мекеме аны Аскер прокуратурасы кармаганын жана ушул тапта тергөө жүрүп жатканын билдирди. Кайсыл иш боюнча айып тагылганын тактаган жок.

Элдар Жакыпбеков кармалганы тууралуу маалымат 15-февралда чыгып, социалдык тармактарда ал укук коргоо органынын эки кызматкеринин коштоосунда отурган сүрөтү тараган. Анын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Элдар Жакыпбеков буга чейин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын жетектеген. 2025-жылдын декабрь айында атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Анын өмүр таржымалы тууралуу ачык булактарда маалымат аз.

Парламенттеги өзгөрүүлөр

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетип, муну Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал менен байланыштырып, чечимди өз эрки менен кабыл алганын айткан.

Анын ордуна депутат 44 жаштагы Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов кызматтан алынып, анын ордуна Бектур Зулпиев дайындалды. Алмасбек Абытов ден соолугуна байланыштуу кызматтан өз каалоосу менен кеткенин билдирди.

59 жаштагы Алмасбек Абытов 2019-жылдан бери өкмөттүн, кийин президент менен аткаруу бийлигинин парламенттеги өкүлү болуп иштеп келаткан.

61 жаштагы Бектур Зулпиев мамлекеттик кызматка 1997-жылы келип, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) укуктук бөлүмүн башкарган. 2005-жылдагы Март ыңкылабынан соң президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин командасынын белдүү мүчөсүнө айланып, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабына чейин Ак үйдө иштеген.

Прокуратурадагы кадр алмашуулар

Башкы прокуратура. Иллюстрациялык сүрөт.

14-февралда президенттин жарлыгы менен башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов кызматынан бошотулду. Анын ордуна Малик Бектурганов дайындалды.

Ушул эле күнү Залкарбек Акназаров башкы прокурордун орун басары кызматына дайындалды.

Нургазы Матисаков транспорт прокурору кызматынан бошотулду. Ачык булактарда 40 жаштагы Матисаков УКМКнын мурдагы төрагасы Ташиевдин “жээни экенин” бир катар жергиликтиүү басылмалар жазып чыкты. Ал мурда Өзгөн, Жайыл, Ысык-Ата райондорунун прокурору болгон.