Өзбек блогери Мубина жаңы ырына клип тарттырып, анда моюнтурук салынган эркекти көрсөтүп, өзүнө багындырганын билдирген.
Ырчы жаңы композициясында эркектер аялга баш ийиши керек деп ырдаган.
Интернет колдонуучулардын пикири экиге бөлүндү. Аудиториянын жарымы өзбек блогеринин бул жоругу чагымчыл, орунсуз жана мазактоо экенин айтса, теңи долбоорго башкалардын көңүл бурдурууну каалаган хайп жана эпатаждай кабыл алышкан.
Ушундай эле окуя 2021-жылы Кабардин-Балкарда болгон. Анда Аида аттуу 14 жаштагы ТокТок жылдызы беткапчан жигитти борбордук аянтка итке окшотуп жетелеп чыккан.
Колдонуучу өзүнүн кадамын жыныстар арасындагы теңсиздикке карата нааразылык катары түшүндүргөн. Видеонун текстинде ал эркек кызды моюнтурук салып жетелесе, коомчулук аны "арстан" же "жолборско" теңемек деп жазган. Бирок видеону коомчулук сын менен кабыл алган.
Салтты бекем карманган Кавказ аймагында бул эркектерди мазактоо, жүрүм-турум маданиятын, адеп-ахлакты бузуу катары бааланган. Социалдык медиада Аидага карата сын жана коркутуу күчөп, мунун айынан ал Москвага убактылуу кетүүгө аргасыз болгон.