Бишкекте 31-октябрдан тартып Болот Миңжылкыев көчөсү автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жал кичи районундагы Карыбек Тыналиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки узундугу 1,4 чакырымды түзгөн тилкеде жол асфальтталып, тротуар куруу иштери толугу менен аяктаганы маалымдалды.
Жашылдандыруу иштеринин алкагында жол боюнда 84 түп клен дарагы отургузулду. Ошондой эле жаңы тигилген бак-дарактарды үзгүлтүксүз сугаруу жана аларга талаптагыдай кам көрүү максатында автоматташтырылган сугат системасы орнотулду. Эми аталган көчө менен автомашиналар жүрө алат.
Миңжылкыев көчөсүнүн курулушу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин кампусу аркылуу өтүүчү жолго байланыштуу талаш-тартыш менен коштолгон.
Апрель айында университеттин студенттери, бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери кампус аркылуу автоунаа өтүүсүнө каршы чыгышкан. Алар студенттердин коопсуздугуна жана жашыл аймактардын сакталышына тынчсыздануусун билдиришкен. Жолго каршы петицияга төрт миңден ашуун адам кол койгон.
11-июнда мэриянын кызматкерлери университеттин тосмосун бузууга киришкен. Бул окуу жайдын өкүлдөрү менен чыр-чатакка алып келип, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери да барган.
Университеттин өкүлдөрү тосмону бузуу тууралуу алдын ала кабар берилбегенин билдиришкен. Мэрия болсо сүйлөшүүлөр эки айга жакын жүргүзүлгөнүн жана жаңы жол коңшу көчөлөрдөгү унаа тыгынын азайтуу үчүн зарыл экенин айткан.
Шаар бийлиги студенттердин коопсуздугу үчүн жер асты менен өтүүчү эки өтмөк курууга да убада берген.(ZKo)
Шерине