31-октябрда эртең менен Орусиянын курамындагы Башкырстандын борбор калаасы Уфанын тургундары бир нече жарылуу болгонун билдиришти. Түн ичинде аймакта учкучсуз учактардан коргонуу режими жарыяланган.
ASTRA басылмасынын маалыматына караганда, "Башнефть-Новойл" мунай иштетүүчү заводунда өрт чыккан.
Жергиликтүү тургундар шаардагы эки мунай иштетүүчү заводго чабуул жасалганын айтууда.
Уфанын түндүк өнөр жай аймагында бири-бирине жакын жайгашкан үч ишкана бар: "Башнефть-Новойл", "Башнефть-Уфанефтехим" жана "Башнефть-УНПЗ".
Украиналык мониторинг жүргүзгөн Telegram-каналдар да Уфада мунай иштетүүчү заводго сокку урулганы тууралуу жазышты.
Ал эми Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Брянск облусунда дрон чабуулдарынан эки адам каза болуп, дагы сегиз киши жараат алды.
Аймактын башчысы Егор Ковальчук билдиргендей, Климово кыштагында учкучсуз учак турак үйгө тийип, 30 жаштагы аял менен 41 жаштагы эркек каза болду. Погар кыштагында 73 жаштагы аял, Воронок айылында 19 жаштагы жигит жана 40 жаштагы эркек жабыркады. Ковальчуктун айтымында, акыркы суткада Брянск облусунун аймагында 29 дрон атып түшүрүлгөн.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде жалпысынан 433 украиналык учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдап, Башкырстан менен Брянск облусун да атады.
Шерине