Бишкектин Октябрь райондук соту президент Садыр Жапаровго кайрылып, жардам сураган Гүлзат Абакированын күйөөсүн камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Адилет Мерканов "Азаттыкка" билдирди.
Адвокаттын маалыматына караганда, Гүлзат Абакированын күйөөсүнө Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон. Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, ал 20-ноябрга камакта болот.
Гүлзат Абакирова мамлекет башчысынын Баткен облусундагы иш сапары учурунда ага кайрылып, үй-бүлөсүндөгү маселе тууралуу айтып берген. Аялдын айтымында, күйөөсү экинчи аял алып, аны үч баласы менен турак жайсыз жана мүлксүз калтырууга аракет кылган. Ошондой эле жолдошу аны мыйзамдуу катталган нике күбөлүгүн жасалмалоого айыптап, үстүнөн кылмыш ишин козготконун билдирген.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда акыркы сегиз жылда эки жана көп аялдуулукка байланыштуу 49 кылмыш иши катталган. Алардын бешөө гана сотко жеткен, калган 44 иш токтотулган. 43ү кылмыштын курамы жок деген негизде, дагы бири тараптардын жарашуусуна байланыштуу жабылган.(ZKo)
Шерине