Польшада өлкөнүн эң жогорку сот органдарынын бири болгон Конституциялык трибуналдын айланасындагы саясий тиреш күчөдү. Өкмөт трибуналдын төрагасы Богдан Свенчковскийди жана анын орун басары Бартоломей Соханьскийди кызматтан четтетип, аларды кылмыш жообуна тартууга аракет кылууда.
Адилет министри жана башкы прокурор Вальдемар Журек эки судьянын кол тийбестигин алып салуу тууралуу өтүнүч жолдогонун билдирди. Анын айтымында, алар айрым судьялардын ишине тоскоол болуп келген. Журек Конституциялык трибунал “жеке менчикке айланып калганын” айтып, анын ишин калыбына келтирүү керектигин белгиледи.
Буга чейин трибуналдын эң улуу судьясы Анна Корвин-Пиотровска Свенчковский менен Соханьскийди бир айга кызматынан четтетип, мекемени өзү жетектей турганын жарыялаган. Бул чечимден кийин трибуналдын имаратынын алдына нааразылык акциясына чыккандар чогула баштады. Полиция имаратты курчоого алып, тосмодон өтүүгө аракет кылган үч адам кармалганын билдирди.
Конституциялык трибуналдын жетекчилиги бул аракеттерди мыйзамсыз деп атап, кызматтан четтетилген эки судья дагы деле мыйзамдуу жетекчи бойдон каларын билдирди. Алар атүгүл болуп жаткан окуяларды “мамлекеттик төңкөрүш аракети” деп мүнөздөштү.
Премьер-министр Дональд Туск өкмөттүн аракетин колдоп, өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн калыбына келтирүү үчүн чечкиндүү кадамдар зарыл экенин айтты.
Ал эми президент Кароль Навроцкий, тескерисинче, трибуналдын учурдагы жетекчилигин колдойт. Ал Сенегалга багыт алган учагын кайра буруп, Варшавага шашылыш кайтып, Конституциялык трибуналга барды.
Бул жаңжалдын тамыры бир нече жыл мурдагы окуяларга барып такалат. Тусктун өкмөтү Конституциялык трибуналда мурдагы бийликтеги “Мыйзам жана адилеттүүлүк” (PiS) партиясы дайындаган судьялардын таасирин азайтууга аракет кылып келет. Ал эми оппозиция өкмөттүн азыркы аракеттерин сот бийлигинин көз карандысыздыгына кийлигишүү катары баалоодо.
Польшада парламенттик шайлоо келерки жылы өтөт. Айрым байкоочулар бийлик менен оппозициянын трибуналдын айланасындагы күрөшүн алдыдагы саясий өнөктүктүн бир бөлүгү деп атап жатышат.
Шерине