Ооганстандагы казактар түпкү мекенине кайтууну каалайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

26-сентябрда Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Эсенгелдиев Кабул шаарында “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукту. Казакстандык маалымат каражаттары жазгандай, бул казак бийлигинин расмий өкүлүнүн талибдер менен алгачкы сүйлөшүүсү. Кабулдагы жолугушууда оогандык казактарды чыгарып кетүү тууралуу сөз болгону беймаалым калды.