Оренбургдагы ташкын: сел миңдеген адамдарды көчүрдү

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-апрелде Оренбург облусундагы Орск шаарындагы дамба  жырылып, аймактагы 600дөй үйдү суу каптаганын билдирген. Орск Оренбург облусундагы көлөмү жагынан экинчи чоң шаар. 

 
 

Орск, Оренбург. Орусия. 2024-жыл. 

6-апрелде аймакта 2,4 миңдей үйдү суу каптап калганын, 2 миңдей адам эвакуация болгонун билдирген. 

7-апрелде аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Суунун көлөмү 28 сантиметрге, айрым жерлерде 65 сантиметрге чейин жетти. Миңдеген үйлөр суу астында калып, электр берүү үзгүлтүккө учурады. Жергиликтүү бийлик 4 миңдей адам эвакуация болгонун билдирди. 

Дамбаны жырган суу жергиликтүү көрүстөндү да каптап кеткен. Жергиликтүү эл мындан улам аймакта санитардык-эпидемиологиялык кырдаал курчушу мүмкүн дейт. 

Суу ташкынынан жабыркаган Орск шаарынын мэри Василий Козупица Елшанка дарыясы дагы кирип, суу нугунан ашып жатканын билдирди. Ал жашоочуларды документтерин, керектүү кийимдерин алып коопсуз жайга чыгууну эскертти. 
 

Оренбургдун суу ташкындан жабыркаган жүздөгөн тургундары 8-апрелде митингге чыгып, жергиликтүү бийликти сындап, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту.  

 

Жергиликтүү жашоочулардын көбү мамлекет бөлгөн кенемтеге нааразы болушту. 

Орск шаары, Орусия. 

Орск шаары, Орусия. 

Суу ташкын келтирген зыяндын көлөмү алдын ала 21 млрд рубль деп эсептелүүдө. 
 

Суу жергиликтүү аэропортту да каптады. 

Коопсуз жерге 570 мал-жандык чыгарылды.