"Орусияда кой кайтарып, кордук көрдүм". Бактыгүлдүн баяны

Бактыгүл Жээнова

33 жаштагы Бактыгүл Жээнова Орусияда кулчулукта жүргөн жеринен жарым жыл мурда качып келгенин айтууда. Кулчулуктан кутулууга ал жашап жүргөн үйгө капыстан конокко барып калган мекендеши жардам берген. Бактыгүл суукта кой кайтарып, зордук-зомбулук көрүп, мекенине качып келүүгө аргасыз болгон.

Бактыгүл учурда Бишкектин борборунда элден кайыр сурап, жан багууга аргасыз. Ал ордо калаадагы соода борборлорунун биринин алдында баштыгын коюп алып, эртеден кечке сызда отуруп, тилемчилик кылат. Туруктуу жашаган жери жок, ден соолугу начар экенине байланыштуу иштей албай калган.

- Баштыкты бул жакка коём... Мынакей... Мен сурабайм. Элдер өздөрү таштап кетет.

- Канча түшөт күнүнө?

- Эми ар кандай болуп калат. Кээде 100 сом, кээде 200 сом түшөт. Кээде 500 сом түшүп калат. Ар кандай...

Бактыгүл күн сайын жок дегенде 250 сом чогултсам дейт. Антпесе кечинде көчөдө калышы мүмкүн. Шаардагы интернет клубдардын биринде ага түнкүсүн келип, интернетке кирип, жылуу жайда уктап кетүүгө уруксат беришкен. Бул жер анын убактылуу түнөк жайына айланган.

- Мен кечкисин ушул жерге келем. Компьютерден кино көрөм. Ушул жерге отуруп тамак ичем. Ушул отурган жеримде эле минтип уктай берем. Бутту минтип сунуп, бул жерине коюп алып, уктай бересиң.

- Керебетке жата элек экенсиз да ээ?

- Бул жакта минтип отурган керебетте жаткандай эле.

- Акыркы жолу качан бут сунуп жаттыңыз эле?

- Аны айтуу мен үчүн аябай оор.

Бактыгүл түнкүсүн ушул жерде отуруп уктап, таң атырат

Бактыгүл бир колунан тубаса майып - беш манжасы төрөлгөндөн эле жок. Апасы ымыркайында таштап кетип, 8ге чыккыча таятасы баккан экен. Кийин таятасы карып, карай албай калганда, туугандары аны балдар үйүнө өткөрүптүр. Ошентип, Бактыгүл Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы мектеп-интернатта чоңоюптур.

"Ушул колумдун айынан ата-энемден айрылдым. Ушул колумдун айынан балдар үйүнө бардым. Ушул колум менен окудум. Көп нерсени [жасаганды үйрөндүм]. Ушул колумдун айынан жолдошум менен ажырашып кеттим. Кайненемден көп сөз уктум. Кайнежемден көп запкы көрдүм. Бирок өмүрүмдө ушул нерселердин баары болот деп эч ойлогон эмесмин. Бул оюма да келген эмес. Жашоомдо ушунча жабыркайм деп такыр ойлогон эмесмин", - деди көзүнө жаш айланган келин.

Бактыгүл үчүн турмуштун сыноосу муну менен бүткөн эмес. Күйөөсү менен эки ажырым жолго түшкөндөн кийин ал эки жылдай Аламүдүн районундагы эс алуу багында жашап жүргөн. Ошол маалда аны ысык-көлдүк Кундуз аттуу аял жардам берем деп чакырган экен.

"Коркпой эле кой, мен жардам берем"

"Сага жардам берейин дедим эле, Ысык-Көлгө келбейсиңби?" деди. "Эже, менде азыр жол кире жок, мен ал жакка бара албайм" деп айттым. “Коркпой эле кой, мен жардам берем, өзүм тосуп алам” деди. 2-3 күн чалып жүрдү. Андан кийин бардым көлгө. Түнкү саат 1,5-2де баласы менен чыгып тосуп алды. Үйүнө келгенден кийин “кийимдериңди которуп, таза кийимдерди кийип ал” деди. Жакшы мамиле кылып жатса, жардам бере турган адам го деп ойлодум".

Бактыгүл айткандай, Кундуздун үйүнө 2022-жылы март айында барган. Ал жерден эки-үч айдан кийин эле турмушка чыккан. Аны чакырган Кундуз аттуу келин көзү азиз кайниси менен тааныштырып, экөө баш кошкон. Бирок жубайлардын жашоосу көпкө созулган эмес.

"Короодо ашкана бар эле. Ашканага кирип, от жагып жатсам, көзү көрбөгөн неме бир метрлик аркан менен келип эле мени жонго эки жолу чапты. Ошондон кийин эки ара жолго түштүк. Ал өз атасынын үйүнө кеткен. Мен болсо Кубанова Кундуз Чолпонбековнанын үйүндө эки-үч күн калдым. Анан ал эже “менин апамдын өтү ооруп жатат, барып апамды карашып койбойсуңбу” деп, Бишкекке жөнөттү. Ата-энеси Пригородное айылында турат экен. Бул жакка келип, ата-энесин карап, жардам берип жүрдүм. Анан өзү келди", - деп Бактыгүл ал күндөрдү эскерди.

Кундуздун ата-энесинин Бишкектин сыртындагы үйүндө Бактыгүл көпкө турган эмес. Кундуз ага Орусиядагы эжеси Жылдызга барып, үй жумуштарын жасап, жардам берип, акча табасың деп убада кылып, сапарга чыгуусуна даярдык көргөнүн айтат.

"28-июнда бүгүн түндө Орусияга учасың деп калды. Мен “Москваны билбесем кандай болот, бирөө менен кетемби?” десем, “жок, сен өзүң кетесиң, сени ал жактан тосуп алат” деди. Мага түшүнүксүз болуп калды да. Өзүмдү жоготуп койдум. Эмне болуп жатканын түшүнбөй калдым". Ошентип, Бактыгүл Кундуздун сунушу менен шашылыш эле Бишкектен Орусияга жөнөп кетиптир.

"Кичинекей кезимде балдар үйүндө окуп жүргөндө эле кыялданчумун. Чоң үйлүү болом. Өзүмдүн уям болот. Чоң ийгиликке жетем деп аябай тилек кылчумун. Орусияга кетип жатканда эч бир жаман ойлогон жокмун. Элдин баары чоң акча менен келип, үй сатып алып жатса, үйлүү болуп жатса, мен да ошолор сыяктуу үйлүү болом го деген оюм бар болчу".

"Орусияда токойдо кой кайтардым"

Бактыгүл Бишкектен 2022-жылы 28-июнда Москвага түнкү рейс менен учуп кетип, 29-июнда Домодедово аэропортуна барып конгон. Аны Жылдыз аттуу келин тосуп алып, Москвадан анча алыс эмес Тула облусунун Красная Дубровка айылындагы өзүнүн үйүнө алып барган.

"Кубанова Кундуздун бир тууган эжеси Кубанова Жылдыз күйөөсү экөө 29-июнда мени тосуп алышты, Күйөөсү “апам каза болуп калды” деп Домодедоводон Кыргызстанга учуп кетти. Кечинде үйүнө баргандан кийин эле таңкы саат 4-5терде мени ойготту. Эмне болду десем, “туруп кийин дагы, койлорду чыгар” дейт. 4-класста окуган кызы бар экен. Ошону жаныма кошуп берди. “Койлорду кайда жаят, мал бул жакта эмне жейт?” деп кызынан сурадым. “Эже, койду токойго жаябыз” деди".

Ошентип Бактыгүл Орусияга барган алгачкы күндөн тарта жашоосу тозокко айланганын баяндады.

"Эртең мененки саат 4төн күндүзгү саат 10го чейин кой кайтарам. Кой саат 10до качып келет. Кайра түштөн кийин “чыгарып, кайра кайтарып кел” дейт. Кайтарып келгенден кийин сарай тазалайсың. Сарайдагы койдун кыгын тазалайсың, чыгарасың. Тооккана тазалап, жумуртка чогултасың, чөп саласың, суу бересиң. Андан тышкары үйгө келип үй жыйнайсың, тамак жасайсың. Баарын кыласың. Баягы эле көнгөн тиричилик да. Кышкысын дагы ошондой. Кышында чөп саласың. Короо жыйнайсың".

Бактыгүл бул үй-бүлөдө жүргөн бир жылда ур-токмокко кабылып, үйдүн кожоюну аны кордогонго чейин барганын айтты.

"Үч жолу зордуктоого аракет кылды. Үчүнчү жолкусунда максатына жетти. Андан кийин дагы мен качып кетердин астында сарайда койлор тууп жатканда, малды карап жүргөндө күйөөсү сексуалдык катнашка барган. Мен ошол учурда жаңы туулган козуларды карап жаткам. Кээ бир койлор козусун карабай коёт эмеспи. Бир козуну энесине эмизип жаткам. Ошол учурда келип, зордуктаганга аракет кылды. Мен туруштук бере алган жокмун. Ал аябай чоң киши болчу. Сарайдан зордуктады. Андан кийин үйдөн зордуктады".

Бактыгүлдүн сөзүнө караганда, башында ал кулчулукка кабылганын деле аңдаган эмес. Ал кандай күнгө туш болгонун жарым жыл өткөндөн кийин түшүнө баштаган. Ал айткандай, ага эже-сиңди убада кылган акчаны бир жыл бою төлөгөн эмес.

"Аэропортко жеткенде ачык айтты. Бул жакка келе бер, “мен сага 90 миң рубль айлык берем” деп айтты. Москвага баргандан кийин 90 миң эмес, бир тыйын берген жок. Бул жактан күң болуп жүргөнүм, кордук көргөнүм аз келгенсип, ал жакта эки эсе кордук көрдүм".

Бактыгүл мамлекеттен майыптыгы үчүн 5400 сом жөлөк пул алат. Ал акча түшүп турган картасын Орусияга жөнөтүп жатканда Кундуз Бишкектен алып калып, акчасын коротуп салганын айтып даттанды.

"Кубанова Кундуз Чолпонбековна 28-июнда кечинде кетип жаткан маалда сумкамдан пенсия алган карточкамды менден алып коюптур. Мен Москвага кеткенден кийин ошол карточка менен ар бир айдын акчасын чыгарып алчу экен. Эсептегилечи, бир жылдын акчасы 74 миң 200 сом болот экен".

Бактыгүлдүн колунда Орусияга барганда кандай шартта иштерин, ага канча айлык төлөнөрүн көрсөткөн эч кандай расмий кагазы жок.

Орусиядан качып чыгуу

Бактыгүлдүн сөзүнө караганда, Красная Дубровка айылы токойдун жанында, коомдук транспорт күнүнө эки жолу гана каттайт. Ошондуктан ал жерден качып кетүүгө эч бир мүмкүн эмес эле. Анын паспорту дагы өзүндө эмес болчу. Бактыгүл бул азаптан ал иштеп жүргөн үйгө капыстан конокко барып калган Жийдегүлдүн жардамы менен гана качып чыкканын айтууда:

""Паспортуңуз каякта?" деп келин айтып калды. Ошондо [Жылдыздын] сумкасында болуш керек деген бир ой келди. Жылдыздар эшикте жүргөн. Ошол маалда мен анын сумкасын аңтарып, паспортумду таап алдым. Аябай сүйүндүм. Чоң бир нерсе таап алгандай болдум. Тилекке каршы, миграциялык картамды издеп таппай койдум. Бул келин келгенден кийин эле экөөбүз сүйлөшүп, “сен мага жардам берериңе ишенип турам” десем, “эже, мага толук ишене бериңиз” деген. Кара сумкама кийимдерди салып, токойго алып барып жашырып, унаа даяр болгондо алып кеттик".

Бактыгүлдү Жийдегүл күйөөсү экөө Москвадагы үйүнө алып барып, элчиликке кабар беришкен. Ал жактан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө маалымат берилип, Бактыгүл тез арада Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бөлүм башчысы Тилек Айдарканов "Азаттыкка" билдиргендей, Бактыгүл алардын жардамы менен мекенине жөнөтүлгөн:

"2023-жылы июнда биздин министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө Жээнова Бактыгүл кайрылган. Биздин кесиптештер жардам берип, аны Бишкек шаарына жөнөттү. Биз бул жактан аэропорттон тосуп алдык. Шаардагы кризистик борборлордун бирине жайгаштырып, социалдык жактан биринчи жардам берилген. Адам сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизмине ылайык, биздин социалдык кызматкер Жээнова Бактыгүлдү ооруканага, Ички иштер министрлигине барганда коштоп жүрдү".

Бактыгүл күн сайын жок дегенде 250 сом чогултсам дейт

Кундуз Кубанованын жообу

Биз Бактыгүлдү адегенде Ысык-Көлгө чакырып, андан кийин Орусияга тууганына жиберди деп аты аталып жаткан Кундуз Кубанова менен байланыштык. Ал бизге телефондон Бактыгүлгө жардам берейин деген ой менен гана аны үйүнө чакырганын, кайнисине Бактыгүл өз каалоосу менен турмушка чыгып, экөөнүн жашоосу болбой калганын айтып берди.

"Бактыгүл Жээнованы мен интернет желесинен көргөм. "Бара турган жерим жок, кийе турган кийимим жок, жей турган эч нерсем жок" дегенинен, мен ага жардам бериш үчүн эле байланышкам. Балдарым менен кошо жүрө берсин деп сооп иш кылып эле, боорум ооруп эле чакыргам. Келгенден кийин жакшынакай эле жүрдү. Жуунтуп-тарантып, мончого алып барып, чачын кырктырып, болушунча карадым. Бир айга чукулдаганда, кайним менен таанышып калды. Турмушка чыгам деп ошол балага тийди. Жакшы эле жашап жүрүштү. Бирок тамеки чегип, кичине калп сүйлөдү. Ошол себептен кайним жашай албайм деп экөө жашабай калышты. Кол көтөрүп, сабаган же кордук көрсөткөн эмес", - деди Кундуз Кубанова телефон менен байланышканыбызда.

Анын сөзүнө караганда, Бактыгүл алардын үй-бүлөсүнө аралашып, жакын туугандай эле жүргөн, Орусияга дагы "өз каалоосу менен" кеткен.

"Бактыгүл "Орусияга, эжеме барайынчы, Москваны көрүп келем" деп калды. “Ошол жакка барып жүрө аласыңбы?” десем, “жүрөм” деди. Акча жок, кандай болот десем, “качан билет келет?” деп калды. Анан эжем “келем десе, мейли жибере бер. Бул жакты деле көрсүн, Кыргызстанда жумуш кыла албаса, мейли бир келип кетсин” деди. Эжем деле Бактыгүлдү өзүнүн сиңдисиндей эле кабыл алды", - дейт Кундуз Кубанова.

Ошондой эле ал Москвага кетип жатканда Бактыгүл жөлөк пул түшкөн банк картасын өзү калтырганын айтууда.

"Банк картасын мага калтырып кеткен. Жайында кетсе, күзүндө келсе колуна протез салдыралы, акча чогула берсин деп экөөбүз сүйлөшкөнбүз. Мен Бактыгүлдүн акчасын жеп алган жокмун. Акчаңды берем деп Бактыгүлдүн өзүнө дагы айткам. 60 миң деп эсептелген. Ошол акчаны берем деп Бактыгүлгө айткам. Бирок ал мага жолуккан жок, кеп-сөзгө келген жок", - деди Кундуз Кубанова.

Орусиядагы үй-бүлөнүн жообу

Орусияда Бактыгүл бир жылдай иштеп, жашап келди делген Жылдыз Кубанова менен байланыштык. Ал дароо эле Бактыгүлгө эч ким айлык төлөнөт деп убада кылбаганын, үйүндө жөн гана жашап турушуна макул болуп, жол киресин төлөп бергенин билдирди.

"Аны мен кел деген жокмун. Өзү келди. “Ошол жакты көрөм, ошол жакта жашайм. Кыргызстанда эч кимим жок болгондон кийин эмне кылмак элем. Мен ошол жакка барам” деди. Анан мейли деп мен жол кире салдым, биздикине келди. Аны мен малай кылайын, кул кылайын деген жокмун. Келип жашап жүрдү. 10 чакты коюбуз бар. Бизге жардамдашып, кой карашат эле. Башка үйдө кыйраткан деле жумуш жок. Бул жакта билесиңер го - баары ичкериде, ажаткана менен суу үйдө. Эч кандай айлык деп келген эмес. Мен кийим-кечесин алып бердим. Эч кандай айлыкты, тоодой нерсени убада кылган эмесмин", - деди Жылдыз Кубанова телефон чалганыбызда.

Кубанованын сөзүн күйөөсү Болот Абдыкалыков дагы кайталады. Ал айткандай, Бактыгүл алардын үйүндө мал карашып, үй жумуштарына жардам берип жүргөн. Үй-бүлөнүн ага өздөрү жашаган айылдан үй алып берүүгө ниет кылып, анын бутуна туруп кетишине жардамдашсак деген ниети болгон.

"Меникине балдыз катары эле келди. Айлык жөнүндө билбейм. Эгерде айлык жөнүндө сөз болгондо, мен ошол жерден эле токтотот болчумун. Ага айлык бергенге менде ашыкча киреше жок. Өзүм кысылып, кыпчылып, ар кимден сөгүш угуп, бирөөнүн жеринде зорго жашап жүрөм бул жакта. Мен өзүмдүн сунушумду айттым. Бактыгүл, мына мен айылда жашайм. Айылдан 200-300 миңге үйлөр чыгат. Алып берейин. Бала-чакамды карап ушул жерде жүрүп жатасың, жардам кылайын дедим. Мен аны “кой кайтар, кык чыгар” деп мажбурлаган жокмун", - деди Болот Абдыкалыков.

Абдыкалыков биз менен телефондон сүйлөшкөндө, Бактыгүлдүн “зордуктады” дегенин четке какты:

"Жазса жазгандыр. Эмне дейин эми? Ошончо буруп барып жазса жазып жаткандыр. Ал антип жазбай коюшу мүмкүн деп айтпайм. Анткени андан баарын күтсө болот. Кыскасы, баарын күтсө болот.

- Бирок андай нерсе болгон эмеспи?

- Болгон эмес".

Бактыгүл Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына арыз жазган

Токтоп, кайра жанданган иш

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бактыгүлдү Кыргызстанга алып келген соң аны адам сатуудан жабыркаган болушу ыктымал деп тергөө менен кызматташуу үчүн Ички иштер министрлигине жиберген. Бактыгүл министрликтин Тергөө кызматында башынан өткөргөн окуя боюнча арыз жазган. Бирок эмнегедир кылмыш иши Бактыгүлдүн банк картасына гана байланыштуу козголгон. Бул ишке жактоочулар аралашканда гана Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесине ылайык “адам сатуу” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, иш Биринчи май райондук милициясына тапшырылган.

Адвокат Самат Матцаков Бактыгүл башынан өткөргөн окуяны адам сатуу деп караса болорун чечмелеп берди:

"Адамды азгыруу, алдоо жолу менен анын макулдугу менен же макулдугусуз эле ташуу, жөнөтүү аракеттери адам сатуу болуп саналат. Анткени бул кылмыш Кыргыз Республикасынын аймагынан башталган. Бактыгүлдүн айылдашы болгон аял анын ишенимине кирүү жолу менен азгырып, өзүнүн тууганына жөнөткөн. Бул жерде адам сатуунун бардык белгилери бар".

Адвокат белгилегендей, адам сатуунун бардык белгилери бар болсо дагы укук коргоо органдары Бактыгүл Жээнованы ушул күнгө чейин “адам сатуунун курмандыгы” катары тааный элек. Бактыгүл Кыргызстанга кайтарылгандан бери жарым жылга жакындап калса да, укук коргоочулар тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөн эмес. Адвокат тергөөчүнүн аракетсиздигине даттанып, Биринчи Май райондук прокуратурасына арыз менен кайрылган.

"Бактыгүл Жээнова бир жыл аралыгында Орусиянын аймагында болуп, ал жакта эксплуатацияга кабылгандыктан, тергөөчүдөн биз окуя болгон аймактан тергөө жүргүзүп, аттары аталып жаткан адамдарды суракка алып, Бактыгүлдүн качуусуна көмөк көрсөтүп, аны өкүлчүлүккө алып келген күбө адамдарды аныктоо үчүн эл аралык тапшырма берүүсүн суранганбыз. Бирок тергөөчү бул тапшырманы берүү боюнча өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартты. Бул абдан маанилүү тапшырма эле. Анткени анын алкагында жасалган иштерден кийин окуяга толук кандуу баа берип, айыпты угузуп, иш сотко жиберилмек", - деди адвокат Матцаков.

Адвокат айткандай, Бактыгүлдүн арызында көрсөтүлгөн адамдардын ким экендиги, кайда экендиги такталбай калган. Буга байланыштуу “адам сатуу” боюнча августтун аягында козголгон кылмыш иши токтотулган.

"Тергөөчү кылмыш ишин токтотуп салгандан кийин мен Башкы прокуратурага кайрылдым. Башкы прокуратура арызды шаардык прокуратурага, алар Биринчи Май райондук прокуратурасына жиберди. Азырынча ал жактан биз жооп ала элекпиз. Алар калыс карап берет деген үмүттөбүз. Тергөөчүнүн тартип жоопкерчилигин дагы караш керек деп ойлойм. Эмнеге ал төрт айдын ичинде бул кылмыш ишин аягына чыгарган жок? Түз көрсөтмөлөр бар болгонуна карабастан ал адамды жоопко тарткан жок", - дейт адвокат.

Бактыгүл Жээнованын иши каралып жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын маалыматы боюнча, бул иш тергөө мөөнөтү аяктаганына байланыштуу токтотулган. Бирок кийин иш кайра жандандырылып, учурда Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жана прокуратуранын көзөмөлүнө алынган.

Биринчи Май райондук милициясынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары Эрнист Алмабековдон тергөө кайсы деңгээлде экенин сурадык.

"Азырынча тергөө учурунда тиешелүү адамдар суралды. Бирок Орусияда жашаган жарандар боюнча азыр өлкө аралык тапшырмалар даярдалып жатат. Бул иш негизинен Ички иштер башкармалыгы, прокуратура тарабынан көзөмөлгө алынды. Иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Жакын арада Бактыгүл Жээнованы дагы кайра жабырлануучу катарында сурап, суроолорду туура коюп, жабырлануучу деп токтом чыгарабыз. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин негизинде ишке тиешелүү чаралар көрүлөт жана тиешелүү чечимдер чыгарылат", - деди Э. Алмабеков.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда “адам сатуу” боюнча жылына болжол менен онго жакын факт расмий катталат. Эксперттер белгилегендей, иш жүзүндө бул көрсөткүчтөр мындан да көп болушу мүмкүн. Анткени кулчулукка кабылгандар көп учурда өз окуясын ачык айтып же укук коргоо органдарына кайрылууну каалабайт.
Адамды коркутуу, ага күч колдонуу же башка формада аны мажбурлоо, опузалоо, уурдоо, алдоо жолу менен эксплуатациялоо максатында адамды макулдугу менен же макулдугусуз эле азгырып жалдоо, ташып жеткирүү, жаап- жашыруу, кабыл алуу же башкаларга өткөрүп берүү - Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси боюнча адамды соодалоо деп аныкталат. Сот мындай ишке баргандардын мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон 3 жылдан 6 жылга чейинки эркинен ажыратат.