Орусиядагы рейд, полиция кодулаган мигранттар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусия: кодуланган мигранттар

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Екатеринбургда мигранттарга жасалган рейд маалында адамдын кадыр-баркына шек келтирген ыкмалардын колдонулушу боюнча Орусиянын бийлигине кайрылды.

Мекеме бул нерсенин мыйзамдуулугун териштирүүнү өтүнүп, мындан ары анын кайталанышына жол бербөөгө чакырды.

Мунун алдында Екатеринбургда мигранттарга, анын ичинде кыргызстандыктар туш болгон рейддин сүрөт-видеолору жарыяланган. Анда күч кызматтары мигранттарды отуруп басууга мажбурлаганы тартылган.

Мигранттарды чөгөлөткөн рейд

Екатеринбург шаарындагы мигранттарга 17-январда жүргөн рейддик иш-чара тууралуу алгач орусиялык Телеграм-каналдар жазып чыгышты. Анын жүрүшүндөгү сүрөт-видеолорду ашынган оңчул деп саналган “Русская община Екатеринбург” каналы жарыялады. Кийин Телеграм-каналдарга шилтеме кылган жалпыга маалымдоо каражаттары текшерүү жөнүндө расмий билдирүүлөрдү таратышты.

Маалыматтарда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ), Ички иштер министрлигинин, Росгвардиянын жана прокуратуранын Свердлов облустук жана Екатеринбург шаардык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери шаардагы курулуш аянтчаларында текшерүү жүргүзгөнү айтылат. Сүрөт-видеолордо күч кызматкерлери кызматкерлери ондогон мигранттарды тизип алып турганы жана мажбурлап отургузуп бастырып жатканы көрүнөт. Кээ бир мигранттар тизесин жерге коюп, чөгөлөп турганы тартылган.

Екатеринбургдагы жергиликтүү It’s My City басылмасы Ички иштер министрлигинин Свердлов облустук башкармалыгынын басма сөз катчысы Валерий Горелыхтын мындай билдирүүсүн жазды:

“Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү көп кабаттуу үйлөр салынып жаткан бир нече курулуш аянтчаларында тыкыр текшерүү жүргүздү. Жалпы жонунан жакынкы өлкөлөрдөн келген 100дөн ашуун чет элдик жаран текшерилди. Тергөөчүлөр миграциялык мыйзамдарды бузган 12 кишини аныктады, полиция аларды биздин мамлекеттин аймагынан сыртка чыгаруу боюнча документтерди толтурду. 2023-жылы полиция жалпысынан ушундай эле мыйзам бузган 2 586 адамды аныктаган. 2024-жылы мындай жумуштар аймактын бардык муниципалитеттеринде уланат”.

Ушул эле басылма Екатеринбургда былтыр күздө жана жаңы жыл күндөрү полиция аскердик тергөөчүлөр менен чогуу жаңыдан жарандык алып, бирок комиссариатка каттоого турбаган адамдарды издегенин кошумчалаган. Рейддер базарларда, соода борборлорунда, жатаканаларда, курулуш, аянтчаларында, өндүрүш зоналарында жана азык-түлүк базарларында жүргөнү айтылат.

Соңку рейд да ошонун уландысы экени белгиленет. Анын жүрүшүндө да Орусиянын паспортун алган он чакты адамга аскерге чакыруу берилген.

Екатеринбургдагы рейддин формасы Орусиянын өзүндөгү жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн медиаларында айыптоого кабылып, социалдык тармактарда да кызуу талкууга түштү. Андагы сүрөт-видеолор социалдык тармактардын кыргыз сегментинде да чуу жаратып, пикир жазгандар расмий Бишкекти буга реакция кылууга чакырып жатышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяга байланыштуу алгач Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдук аркылуу териштирүү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Кийин Орусиянын укук коргоо органдарынан алган маалыматтар менен бөлүштү. Консул өзү да текшерүү жүргөн курулуш объектилерине жана Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга барып келген.

ТИМ Екатеринбургдагы 3 курулуш объектисинде 150 чет элдиктин ичинен Кыргызстандын 40 жаранынын документтери текшерилгенин ырастап, бирок кыргыздардын миграциялык мыйзамдарды бузганы аныкталбаганын билдирди. Натыйжада аларга карата Орусия Федерациясынын аймагынан административдик түрдө чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган эмес.

“Рейд болгон жерден жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган кадрларда Кыргызстандын үч жараны тартылган. Биздин жарандардын айтымында, текшерүүнүн жүрүшүндө коңшу өлкөнүн жарандары качып, укук коргоо кызматкерлеринен жашынууга аракет кылышкан. Ушуга байланыштуу полиция тарабынан качкан чет элдик жарандарды кармоо, ошондой эле текшерилип жаткандардын эркин жүрүшүнө чектөө чаралары көрүлгөн. Кыргызстандын жарандары укук коргоо органдарынын аракеттерине каршы жазуу жүзүндөгү арыздан баш тартышты. Ошол эле учурда Башкы консулдук Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдары тарабынан эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген жарандардын кадыр-баркына шек келтирген мындай ыкмаларды колдонуунун мыйзамдуулугун Орусия Федерациясынын көзөмөл органы тарабынан текшерүүнү уюштуруу боюнча чараларды көрүүдө”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тактагандай, бул фактыга байланыштуу Свердлов облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова менен кеңешме жүргүзүлгөн. Ал кыргыз тарапка рейд боюнча текшерүү уюштурууга даяр экендигин билдирген.

Өз кезегинде ТИМ бул факты боюнча Орусиянын федералдык органдарынын деңгээлинде териштирүү жүргүзүүнү сунуштаган. Мигранттарга карата мындай мамилеге жол бербөө чакырыгы жолдонгон.

“Текшерүүнү максаты жаңыдан паспорт алгандарды издөө”

Адатта, капыл-тапыл рейддер үзгүлтүксүз жүрүп турган Орусияда мигранттар 2022-жылдан тартып текшерүүнүн жаңы толкунуна кабыла баштаган. Ошол маалда бул депортация же камакка алуу опузасы менен мигранттарды Украинадагы согушка тартуу максаты менен түшүндүрүлүп жаткан. Мигранттардын айрымдары коркутуу алдында мындай нерсеге макул болуп, ар кандай шартта согушка барууга келишим түзгөнү ачыкка чыккан.

Кийин текшерүүлөр жалаң Орусиянын жарандыгын алган мигранттарга, өзгөчө борбор азиялыктарга басым жасалганы белгилүү болгон. Алгачкы айларда орусиялык армияда же Орусиянын чет жактагы базаларында кызмат өтөгөн чет элдиктер тартылып келген. Кийин орус паспортун алган дээрлик бардык мигранттар текшерүүгө кабылып, аскер комиссариаттарына жиберилип турган.

Орусиядагы "Ноокат" коомунун төрагасы, ишкер Толкунбек Акматов “Азаттыкка” берген комментарийинде соңку рейддерди так ушул максат менен байланыштырды:

Толкунбек Акматов

“Менимче, бул биринчиден күч органдарынын мигранттарга өзүнүн күчүн көрсөтүп, сестентип коюу аракети. Экинчиден, ошол эле орус паспорту бар жарандарды аскердик комиссариатка тартуу аракети. Болбосо азыр маселе ири шаарларда, айталы мына Москвада кар күрөлбөй калды. Анын сүрөттөрүн, видеолорун деле көрүп атсаңар керек. Мына биздин короодо машинеңди парковка кыла албайсың, анткени үйүлгөн кар. Мурда мигранттар аны зымылдатып, тазалап турчу. Азыр ошондой мигранттар жок. Ошого карабай булар мигранттарга куугунтугун улантып жатышат. Негизги жумуштарын аткарып, үйүн салып, короосун тазалап, эшигин шыпырган адамдарга ушундай тизелетип алып бастырган деңгээлди кулга кылгандай мамиле деп бааласак да болчудай. Кээлери муну шовинисттик аракет деп да жазып жатышат. Мындай адамды кемсинткен окуя менин да башымдан өттү. Биз жакындарыбыз менен чогуу бир чайканада тамактанып олтурсак, куралчан, бет капчан күч кызматкерлери кирип келип эле, кыйкырып кирди. Бардыгын полго жаткызды, жер кирби, чаңбы, ага карабайт. Буттарына тээп, баштан-аяк чукулап, текшерип, сүйрөп, кыскасы бир террорчуга кылгандай эле мамиле кылышты. “Аксакалмын” деп, мен гана жатпай койдум. Болбосо ошол жерде турган 60тай кишинин 20-30унда, анын ичинде менин деле орус паспортум бар экен. Аларда болсо паспорт сураган деле адам жок, адамдын өңүнө карап эле ушундай терс мамиле кылып жатканы көрүнүп турат. Документтери туура эмес, бир нече адамды алып калып, калганыбызды түн жарымда бошотту. Бул эми Орусия полициялык мамлекетке айланганын эле айгинелеп турат. Адам укугу мурда жок дегенде экинчи орунда турса, азыр бешинчи же, онунчу орунда түшүп калды. Болбосо Кыргызстан Орусия менен Евразия экономикалык биримдигинде бирбиз, бизде орус тили расмий макамга ээ. Биздин жарандардын деле басымдуу бөлүгү Украина менен согушта орустарга жан тартып жатканын билебиз. Ошого карабай эле мамилеси оорлоп баратат. Буга Кыргызстандын бийлиги жетиштүү реакция жасап, Москвага кандайдыр бир аракеттерин көрүшү керек”.

Мигранттарга каршы тинтүү жана кармоолор негизинен базарларда, курулуш аянтчаларында, жатаканаларда, мечиттерде жана башка жерлерде жүрүп келет. Полиция кызматкерлери мындай рейддерди аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү менен бирге уюштуруп, кармалгандардын паспорт алган эле болсо аларга дароо армияга чакыруу тапшырып жатат.

Мурдараак Жаңы жыл түнүндө Санкт-Петербургда 3 миңдей мигрант кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Анын көбүнүн документтеринде мүчүлүштүктөр аныкталып, бир тобу Орусиядан депортациялана турганы белгилүү болгон. Мигранттарды жапырт кармоо майрам күндөрү Москва жана башка шаарларда да катталган.

Дагы караңыз

Орусия: жапырт кармалып, аскерге айдалган мигранттар

Укук коргоочулар башынан эле Орусиядагы мигранттарга пропаганданын курмандыгына айланып, согушка барбоону эскертип жаткан. Көп мамлекеттерде, анын ичинен Кыргызстанда чет жактагы согуштук аракеттерге аралашуу кылмыш болуп саналат.

Борборазиялык мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенген Валентина Чупик чет элдиктерге кайрылып, тезирээк мекенине чыгып кетүүгө чакырып келет. Ал “Азаттыктын” кыргыз, өзбек жана тажик кызматтарына буга чейин курган маектеринде да ушуну эскерткен.

Санкт-Петербургдагы ири кармоолордон соң Чупик украиналык Freedom телеканалына курган маегинде буларга токтолгон:

Валентина Чупик

“Жалпысынан, жарандарды мажбурлап мобилизацияга тартуу былтыркы жылдын январь айынан бери ачык байкалбайт. Ошол эле маалда Орусиянын жарандыгын жаңыдан алган чет элдиктер жана Орусиянын жарандыгы бар, бирок славян эмес адамдарды согушка мажбурлап тартуу аракети уланууда. Тилекке каршы, биздей укук коргоочулар жана элчиликтер аларга жардам бере албайбыз. Анткени алар Орусиянын жарандыгына ээ болуп, жаңы милдеттерди да өз моюнуна жүктөп алышты. Алар өз аракеттерине өздөрү күнөөлүү жана паспорт алуу менен коргоо укугунан ажырады. Тиешелүү органдар мындай жарандарды кантип коркутуп, кантип азгырып жатат? Биринчиден, “келишим түзсөң, дароо паспорт аласың” деп алдашат, экинчиден, “паспорт албасаң, сени депортация кылып жиберебиз” коркутушат”, – деген анда Валентина Чупик.

ТАСС маалымат агенттиги ушул күндөрү Орусияда атайын системада чет элдиктер үчүн “Санариптик профил” түзүү аракети башталганын, ал 2024-жылы аяктай турганын маалымдады. Басылма муну орус өкмөтүнүн Миграциялык саясатты ишке ашыруу боюнча концепциясына таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, электрондук профилде ар бир чет элдик тууралуу түрдүү мекемелердин маалыматы, анын ичинде миграциялык каттоосу, биометрикалык жана башка маалыматтары чогултулат. Орусияга кирген ар бир мигрант манжа издерин тапшырууга милдеттүү болуп калмакчы.