Орусия: Ozon компаниясынын кампаларына дрон тийди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинанын дрондору Орусиянын Адыгея республикасы, Дагестан жана Ставрополь крайында Ozon компаниясынын логистикалык борборлоруна чабуул койду. Бул тууралуу маркетплейстин басма сөз кызматы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Телеграмдагы каналдары билдиришти. Краснодар крайынын бийлиги чабуулдун кесепетинен эки бала каза болгонун маалымдады.