Ош: бир туугандар ачкан заманбап мектеп

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаарындагы "Купуев Академиясы" мектебине Вашингтондогу инвестициялык компаниялардан 700 миң АКШ доллары тартылды. Билим берүү мекемесин АКШда иштеп жүргөн бир тууган Купуевдер ачкан. 2019-жылы ачылган мектептин экинчи кампусу ишке кирсе, анда 600гө жакын бала билим ала баштайт. Бир бала үчүн жылына 13 миңден 20 миңге чейин акча төлөнөт.