Ош: базарды көчүрүүгө соодагерлер нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Оштогу "Тешик-Таш" базарынынын сатуучулары базарга кирген жолдун жабылышына нааразылык билдирип чыгышты. Алар кире беришке бетон коюу аркылуу мэрия соодагерлерди мажбурлап, башка жакка көчүргүсү келип жатат деп даттанууда. Жергиликтүү бийликтер болсо жашылча-жемиш базарындагы блок-пост коопсуздуктан улам коюлганын билдирүүдө.