Алар көп кабаттуу үйдө жашай албай турганын, чарбалары бар экенин айтууда. Шаар мэри бул кварталга мектеп, бала бакча, медициналык борбор, сейил бак курулуп, инфраструктурасы жакшыра турганын айткан эле.
Бул жердеги турак үйлөрдүн 40 пайызынын документтери, тургундардын 20 пайызга жакынында паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок экени айтылды.
Бул квартал өткөн жылы гана шаардын курамына кирген.
Оштун түндүк-батыш тарабындагы Жаңы-Маала, эл арасында Лөлү-Маала аталып жүргөн кварталдагы тар көчөлөрдө эки күндөн бери шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин айткандары кызуу талкууланууда.
Мэр бул аймакка көп кабаттуу имараттарды куруу сунушун 3-декабрда айткан.
Жеңишбек Токторбаев
“Бул жердеги жолдун жээгинен ылдый тарапты карай көп кабаттуу үйлөрдү курабыз. Үй бүткөн сайын сиздерди көчүрөбүз. Улам-улам үйлөрдү куруп кете беребиз. Сиздер көчөдө калбайсыздар. Биз Эне-Сай жаңы конушун курдук, азыр эл көчүп барууда. Силер да ошондой болуп көп кабаттуу жаңы үйлөргө көчөсүздөр”.
Мэрдин бул билдирүүсүнөн кийин эле социалдык тармактарга аталган кварталдын айрым тургундарынын өлкө жетекчилерине кайрылуусу жарыяланды.
“Урматтуу Садыр Жапараов сизден сураныч биздин үйлөрүбүзгө тийишпесин. Биз көп кабаттуу үйлөргө отура албайбыз, чарабанын кишилерибиз. Кредиттерибиз көп эң аз дегенде сегизден балабыз бар. Сизден сураныч, биз элүү жылдан бери ушул жерде жашап жатабыз”.
Бул кварталда жалаң лөлү тектүүлөр жашап, эч кандай инфраструктурасы жок. 1200дөн ашык кожолук, 5 миңдей адам жашайт. Жалпы 49 гектарга жакын аянтты ээлейт. Шаарга караштуу болгону менен бул жерде мал кармап тиричилик кылгандар көп экенин жашоочулардын бири Толкун Эргешов айтууда. Ошондуктан алар көп кабаттуу үй курууга каршы болуп жатышат.
Толкун Эргешов Ош шаарынын тургуну
“Биздин үлүш жерлерибиз бар. Кыргызстандын мыйзамдарына моюн сунабыз. Болгону бизге жер тамдарды берип, үлүш жерлерди кошуп алсак жакшы болот эле. Менин 48 сотых жерим бар ал жерге жүгөрү, беде эгебиз”.
Лөлүлөрдүн кээ бири дыйканчылык кылып, айрымдары тар короосунда мал багып сатып тиричилик кылса, көбүнчө бала-чакасы, аялдары темир-тезек чогултуп, тилемчилик кылышат.
"Бул жерде эмкана жок, мектеби башталгыч класстарга гана ылайыкташкан. Айрым турак жайлар Ак-Буура дарыясынын корук аймагына жайгашып калган. Турак жайлардын 40 пайыздайынын эч кандай документтери жок", - деди квартал башчысы Умид Нармырзаев.
Умид Нармырзаев айыл башчы
“Азыркы учурда бир короодо төрттөн-бештен келиндер бар. Балдары аябагандай көп. Ошолордун ар бирин эсепке алып, ар бири менен сүйлөшүп жатабыз. Азыркы учурда баары эле макул болушту. Бизди (бийлик) колдошсун, биздин да жашоо-шарт жакшырсын деп айтат элем”.
Бул квартал мурда Кара-Суу районуна караштуу болчу. Өткөн жылы аймактык реформанын негизинде Ош шаарына кошулган. Учурда жашап жаткан үйлөрдүн 40 пайызынын документтери жок. Мындан сырткары, жашоочулардын тек-жайын тактаган күбөлүк же паспорттору жок жарандар 20 пайызга жакын. Анын кесепетинен балдарын мектепке киргизүүдө же ооруканага көргөзүүдө көйгөйлөр болгону буга чейин эле айтылып келген.