Париждеги кол салууну айыптаган акция

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

7-январда Франция борбору Парижде 35 миңдей адам чогулуп, Шарли Эбдо сатиралык журналына жасалган чабуулду айыптады. 7-январдагы кол салууда 12 киши набыт болуп, 11 адам жараат алган. Курман болгондордун экөө тартип коргоочулар. Дүйнө лидерлери Шарли Эбдо сатиралык журналынын редакциясына чабуулду айыптап, аны сөз эркиндигине кол салуу катары сыпатташууда. Франциянын шаарларында журналисттерге тилектештик иретинде массалык акциялар өтүүдө.