Париж: шектүү ага-ини өлтүрүлгөнү кабарланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Француз полициясы"Шарли Эбдо" (Charlie Hebdo) сатиралык журналына кол салууга шектелген бир тууган Куашилер атайын операция маалында окко учуп өлгөнүн кабарлады. Аль-Каида уюму менен байланышы бар деп шектелген эки бир тууган Франциянын түндүк тарабындагы чакан калаада басмакананын бирине жашырынып, бир адамды барымтага алышкан. Париждеги “Шарли Эбдо” (Charlie Hebdo) сатиралык журналына 7-январдагы кол салууда 12 кишинин өмүрү кыйылган.