Парламенттеги эки жашик автомат. Эл өкүлдөрү эмнеге азыр эстеди?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңеште депутат автомат көтөрүп бараткан сүрөтү эсиңиздеби? Төрт жылдан кийин эл өкүлдөрү ошол окуяны иликтөөнү талап кылып чыгышты. 2022-жылы эки жашик автоматты парламентке ким алып кирген жана депутаттарга эмнеге таратып берген? Чек арадагы жаңжалды жабык караган жыйында атайын кызматтын ошо кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутаттардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Мындан кийин төрага Талантбек Мамытов кызматтан кетип, ордуна Нурланбек Тургунбек уулу шайланган. Бул окуя эмне үчүн азыр кайрадан козголууда? Бул Ташиевди жоопко тартуу аракетиби?