Орусия - Грузия согушуна он жыл

Орусиянын аба чабуулунан кийин өлгөн жакынын кучактаган грузин ыйлап жатат. 9-август, Түштүк Осетиянын административдик чек арасына жакын жер.    

Грузин жоокерлери Түштүк Осетиянын Эргнети шаарындагы өңүттү ээлешти. Согушка даярданып жаткан учур. 5-август

Түштүк Осетияда 2008-жылдын 8-августунун таңы грузин жоокерлеринин аткылоосу менен башталды. Орусия менен Грузиянын ортосундагы беш күндүк согуш ушинтип от алган.   

8 август: Түштүк Осетиядагы куралдуу адамдар Цхинвалидеги позицияны ээлешет. Цхинвали - Түштүк Осетиянын борбору. 

Түштүк Осетиянын борбору - Цхинвалинин чет жакасындагы кыштактарда жашаган этникалык грузиндер жаңжал тутанган аймактан качып баратат. 8-август

Полиция кызматкерлери урушта орус-осетин күчтөрү тарабынан жаракат алган грузин жоокерине жардам берип жатат. Гори шаары. 

Орусиянын аскер учактарынын чабуулунан кийин Горидеги күйүп жаткан үй. 9-август

Орусиянын аба чабуулдарынан кийин талкаланган Гори шаарындагы көчө. 

9-август. Куралдуу кагылыштар күчөдү. Түштүк Осетиянын тургундары уруштан качып Жава айылына баратышат. 

14-август. Цхинвали. Талкаланган грузин танкы. Орусия менен Грузиянын расмий адамдары 12-августта согушту токтотуу боюнча макулдашууга жетишти. Эки күндөн кийин ага Түштүк Осетиянын жана Абхазиянын жетекчилери кол койду. 

Цхинвалиде аялдар кучакташып турат. Беш күндүк согуш маалында шаарда бир катар имараттар талкаланган. 

22-август. Орусиялык жоокерлерди Грузиянын аймагынан чыгаруу маалы. Орус танкы Түштүк Осетияга кетип баратат. Гори шаары. 

Цхинвалидеги аткыланагн үйүнө кайтып келген аял килем жайып жатат. 23-август