2014: Сүрөттөр сүйлөйт

Тестиер кыз Бернаур штрасседе (Bernauer Strasse) Берлин дубалынын урагандыгынын 25 жылдыгына карата роза коюуда. 9-ноябрь. (Fabrizio Bensch, Reuters).

Украинанын Евросоюз менен жакындашуусун колдогондор Киевдин Төбөлсүздүк аянтында Жаңы жылды тосууда. 1-январь. (Valentyn Ogirenko, Reuters).

Өтө катуу чилдеде Чикагодогу Мичиган көлүнө тоңгон муз, Иллинойс штаты. 6-январь. (Scott Olson, Getty Images).

Алепподогу өкмөттүк күчтөрдүн соккусу маалында бала көтөргөн эркек, Сирия. 21-январь. (Ammar Abdullah, Reuters).

Тузлада (Босния жана Герцеговина) нааразылык демонстрацияда өкмөт үйүнүн дубалына жармашып чыгып бараткан киши. 7-февраль. (Dado Ruvic, Reuters).

Ооганстандын Нангархар (Nangarhar) провинциясында аскерий операцияда колго түшкөн арасында эки аял бар "Талибандын" мурдагы согушкерлери курал-жарактары менен. 4- февраль. (Abdul Mueed, epa).

Сочидеги Кышкы Олимп оюндарынын ачылышында беш шакекченин бири күйбөй калды, 7- февраль. (Phil Noble, Reuters).

Киевдеги баррикадага коюлган каракчы. Евроинтеграциянын жактоочулары менен өкмөттүк күчтөр кагылышкандан кийин Украинанын президенти Виктор Янукович качууга мажбур болду. 21-февраль. (Bulent Kilic, AFP).

Венадагы балдын ачылышы. Катышуучулар залга кирүүдө. 27-февраль. (Herbert Neubauer, epa).

Бишкекте Нооруз майрамында жигиттер көк бөрү тартышууда. 17-март. (Igor Kovalenko, epa).

Крым аннексиялангандан кийин Орусиянын желегин желбиреткен автоунаа Феодосия шаарынын чекесинде баратат. (Shamil Zhumatov, Reuters).

Приморский крайындагы Фокино шаарындагы ядролук калдыктарды сактаган заводдо жарактан чыккан суу алдында жүрүүчү кеме. 28-март. (Yuri Maltsev, Reuters).

5-апрелде Мазари-Шарифтеги шайлоо участогунда кезекте турган ооган аялдары. Талиптер кулагандан кийин өлкөдө бийлик демократиялык жол менен биринчи жолу өткөрүлүп берилди. Шайлоодо Ашраф Гани жеңип чыккан. (Zohra Bensemra, Reuters).

Венгер аялдары Будапештке жакын Верешедьхазеде (Veresegyhaza) парламенттик шайлоодо добуш берүүдө, 6-апрель. Шайлоонун жыйынтыгы менен премьер-министр Виктор Орбан дагы төрт жылга бийликте калды. (Laszlo Balogh, Reuters).

Ереванда Осмон империясы маалындагы армян геноцидинин курмандыктарын эскерүү иш-чарасында демонстранттар Түркиянын желегин өрттөөдө. 23-апрель. (Hayk Baghdasaryan, Photolure).

Иракта парламенттик шайлоо маалында аялдар сыяга малынган сөөмөйүн көрсөтүүдө, Багдад, 30-апрель. (Sabah Arar, AFP).

"Евровидение" ыр сынагынын жеңүүчүсү Кончита Вюрст Венада жеңгенин уккандан кийин.  11-май. (Georg Hochmuth, AFP).

Түркиянын батышындагы Маниса шаарында көмүр шахтасы жарылганда аман калган уулун өпкөн ата, 13-май. Кырсыктан бир топ шахтерлор набыт болгон. (Bulent Kilic, AFP).

Аргунда Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун энеси - Аймана Кадырованын урматына салынган мечит. (RFE/RL's Radio Marsho).

Топчича-Польенин (Босния жана Герцеговина) тургундарын соңку жүз жылдык өтө катуу суу ташкындан сактап калуу аракеттери көрүлүүдө. (Dado Ruvi, Reuters).

Фред Гловер - Британынын 9-парашюттук полкунун мурдагы аскери Нормандияда 70 жылдык мааракенин маалында парашютчуларга көз салууда. 6-июнь 1944. (Andy Rain, epa).

Жиннадагы (Jinnah) эл аралык аэропортто талиптер атып түшүргөн учак. 10-июнь. Кол салууда  27 киши набыт кеткен. (Athar Hussain, Reuters).

Алеппонун ал-Шаар көчөсүндө өкмөттүк күчтөр таштаган бомбадан кийин пайда болгон чуңкурга толгон сууга түшүп жаткан балдар. 10-июль. (Hosam Katan, Reuters).

Сребренице шаарчасындагы мүрзө (Босния жана Герцеговина). 1995-жылдын 11-июлунда сербиялык аскерлер салган кыргында миңдеген мусулман эркектер өлтүрүлгөн. (Мидхат Потурович, RFE/RL).
 

Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн Шафтарск шаарчасына жакын жерде атып түшүрүлгөн учактын калдыктарын аралаган киши. Каргашалуу окуяда учактагы 298 киши жок болгон. (Alexander Khudoteply, AFP).

Орозо маалында Бакунун Мешеди-Дадаш мечитинде намазга жыгылгандар, 21-июль. 
(Abbas Atilay, RFE/RL).

Газа тилкесиндеги элдешүү маалында израилдик армиянын авиасоккуларынан бузулган жайлар. 26-июль. (Oliver Weiken, epa).
 

Православ диниятчы Киевдин Төбөлсүздүк аянтында активисттер менен полициянын кагылышуусунда автоунаанын дөңгөлөгүн полицияны көздөй ыргытууда. (Sergei Supinsky, AFP).

Косовонун Жяковица шаарчасында мелдеште 22 метр бийиктиктен сууга секирген киши. 11-август. (Armend Nimani, AFP).

"Ислам мамлекети" радикал тобунан качкан ирактык езиддер Сирия менен чек аралаш тарапка бет алууда. 11-август. (Rodi Said, Reuters).

Кытайдын Чжэцзян (Zhejiang) провинциясында Киэнтэнг (Qiantang) дарыясынын ташкынынан качкандар. 13-август. (Reuters).
 

АКШнын Улуттук гвардиясынын аскерлери Миссури штатында Фергюсондогу дөбөдө афро-америкалык өспүрүм Майкл Браундун атып өлтүрүлүшүнө каршылык билдирип чыккандарга байкоо салууда. Браундун өлүмүнө байланыштуу массалык нааразылыктар августта башталып, ок аткан полиция кызматкерин сот актагандан кийин ноябрда кайра уланды. (Larry W. Smith, epa).

Донецктеги үйлөрдүн бириндеги чаң баскан, сынган айнек чачыраган, ашканадагы бүлүнгөн оокаттар. 26-август. (Sergei Ilnitsky, epa).

Беларустун Озерцо кыштагында улуттук фестивалда адамдар саман чачышып, бийлеп жатышат. 7-сентябрь. (Uladz Hrydzin, AFP).

Орусиялык космонавт Олег Артемьев Эл аралык космос станциясында алты апта жүргөндөн кийин кайтып келди. Жезказган, Казахстан, 11-сентябрь. (Maxim Shipenkov, Reuters).
 

Улуттук кийимчен аялдар Ставрополдогу жарманкеде бийлеп жатышат, 21- сентябрь. Августта Орусия Батыштын санкцияларына жооп катары четтен ташылган бир катар тамак-ашка тыюу салган. (Eduard Korniyenko, Reuters).

Грузиядагы Гудаури кыштагындагы лыжа базасында кызын ойнотуп жүргөн аял. Тбилиси, 24 сентябрь. (Kirill Kudryavtsev, AFP).

Либериянын баш калаасы Монровиядагы Уэст-Пойнт районунда эбола вирусун эскерткен белги. Бул жер Батыш Африкадагы эбола вирусу чыккан кедей район деп саналат. (Ahmad Jallanzo, epa).

Карачи шаарында селфи сүрөткө түшүү, Пакистан. 28-октябрь. (Akhtar Soomro, Reuters).

Гонконгдогу нааразылыкка чыккандар демократиялык кыймылдын символу катары кол чатырларын ачып турушат. Реформаларды талап кылган манифестациянын бир айлыгын белгилөө маалы. REUTERS/Damir Sagolj (CHINA - Tags: POLITICS CIVIL UNREST TPX IMAGES OF THE DAY) - RTR4BUXS 

Ачык асман алдында окуган ооган балдары. Желал-Абад, 5-ноябрь.
(Parwiz, Reuters)

Чоң жыйырманын лидерлери Австралиянын Брисбен шаарында саммиттин ачылышында, 15-ноябрь. (Jason Reed, Reuters).

Барияпурдагы Гадхимай Мела фестивалында курмандыкка чалынган буйволдор, Непал, 28-ноябрь. Беш жылда бир жолу өтчү фестивалда арбын жаныбарлар курмандыкка чалынат. REUTERS/Navesh Chitrakar (NEPAL - Tags: RELIGION SOCIETY ANIMALS) - RTR4FY6H

Грозныйда террордук чабуулда өрттөлгөн базарда өрт өчүргүчтөр иштеп жатышат, 4-декабрь. (Казбек Вахаев, EPA).

Алматыда кайыр сураган аялдын башына конгон көгүчкөндөр. 7-декабрь. (Shamil Zhumatov, Reuters).

Нобел Тынчтык сыйлыгын тапшыруу аземинин алдында пакистандык активистка Малала Юсуфзай өз санаалаштары менен сүрөткө түшүүдө. Осло, 9-декабрь. (Odd Andersen, AFP).

Сүрөттөр узап бараткан жылдагы орчундуу окуяларды чагылдырат.