Ошону менен катар анда кытай тилинин мандарин диалекти жана аз улуттардын тилдери чогуу колдонулган жерде аталган диалектке артыкчылык берүү каралган. Кытай бийлиги мындай демилгесин "көбүрөөк биримдик аркылуу модернизацияны илгерилетүү" аракети менен түшүндүрүүдө. Бирок, окумуштуулардын жана укук коргоочулардын пикиринде, расмий Бээжиндин соңку аракети аз улут өкүлдөрүнүн укуктарына жана алардын жашоо образына мурдагыдан да көбүрөөк коркунуч жаратат.
Мыйзамда кытай тилинин мандарин диалектинин жанында башка элдердин тилинин макамы жөн гана төмөндөтүлүп эмес, маселе тилге гана байланыштуу болуп жатпаганын байкоого болот. Мисалы, аталган мыйзам ханзу (алар кытай калкынын 90% түзөт) өкүлдөрүнүн башка этностук топтогулар менен үй-бүлө куруусун колдойт, мындай никеге кандайдыр бир каршы аракет көрсөтүүгө тыюу салынат, ата-энелерди балдарын "Кытайдын Коммунисттик партиясына болгон сүйүүдө" тарбиялоого милдеттендирет. Ошону менен катар "этностук биримдикке" залака тийгизиши мүмкүн кандай аракет болбосун, баарын жол берилгис деп эсептейт.
Талдоочулардын пикиринде, бул мыйзам менен Кытайдын башчысы Си Цзиньпиндин башкаруусундагы артыкчылыктуу багыттардын бири болгон саясат бекемделүүдө. Алар бул мыйзам Тибет менен Шинжаңдагы түпкүлүктүү элдин ансыз да кооптуу абалын ого бетер начарлатат деп чочулашат.
Дагы караңыз "Ал кылмышкер эмес". Күйөөсүн Кытайдан куткарып, эми казак сотунан акыйкаттык күткөн ОралханFoundation for Defense of Democracies институтунун изилдөөчүсү Жек Бернхэм бул мыйзам Бээжиндин Шинжаңда улантып жаткан геноцидин ого бетер күчөтүшү, ага элди мажбурлап көчүрүп жатышына юридикалык жактан де-факто мүмкүнчүлүк бериши ыктымал деп эсептейт:
"Кытай бийлиги этностук ханзу кытайларынын аймакка көчүп келүүсүн жана аралаш никеге туруусун колдоо менен бирге миңдеген кишини, негизинен аймактын басымдуу этностук тобу болгон мусулман уйгурларды мажбурлап иштетиле турган күч катары колдонуу жана алардын саясий таасирин азайтуу максатында ички аймактарга мажбурлап көчүрдү. Бул аракеттер Шинжаңдагы буга чейинки репрессияларга, анын ичинде жапырт камакка алууга, мажбурлап стерилизациялоого жана көп жылдык маданий жана диний салттарды жок кылууга багытталган "кайра тарбиялоо программаларына" негизделген. Кытай мамлекети уйгурлардын сыйынуу жөрөлгөлөрүнө катышуусуна тыюу салып, тарыхый мечиттерин талкалап келатат".
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча 2017-жылдан бери кытай бийлиги Шинжаң аймагында ачылган "кайра тарбиялоо лагерлерине" бир миллиондон ашык уйгур, казак, кыргыз жана башка элдердин өкүлдөрүн, негизинен мусулмандарды күч менен камашкан. Ал жерге отуруп чыккан туткундар кийин айтып бергендей, бул жабык мекемелерде алар Кытайдын мыйзамдарын жана Коммунисттик партияны даңазалаган ырларды жаттоого, кытай тилин үйрөнүүгө мажбурланган.
Эл аралык адам укуктарын коргоо уюмдары Кытайдын мындай саясатын "өлкөнүн түрк тилдүү мусулман коомчулугуна каршы кылмыш" деп аташкан. Кытай бийлиги айыптоолорду четке кагып, мекемелерди "кесиптик окутуу борборлору" деп атап, Шинжаңдагы саясатын "экстремизмге каршы күрөш" деп мүнөздөгөн.
Дагы караңыз "Шинжаңда кыргыз, казак, уйгурларды мажбурлап кытайлаштыруу жүрүүдө"Жаңы мыйзам, АКШдагы Корнелл университетинин изилдөөчүлөрү белгилегендей, Кытайдын Конституциясына карама-каршы келет, себеби өлкөнүн Баш мыйзамында бардык этностук топтордун өз тилин колдонуу жана өнүктүрүү укугу каралган.
Корнелл университетинин Кытайдагы жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы этностук мамилелерди жана саясий антропологияны изилдөөчүсү Магнус Фискеше белгилегендей:
"Бул мыйзам 1949-жылы расмий түрдө таанылган этностук ар түрдүүлүктү басууга багытталган саясаттагы жакында болгон кескин өзгөрүүгө шайкеш келет. Кийинки кадам "этностук азчылыктарды" расмий түрдө жок кылуу болушу мүмкүн - муну кытай режиминин ичиндеги радикалдуу элементтер көптөн бери талап кылып келишет. Бул Шинжаң менен Тибетте жана андан тышкары жерлерде үй-бүлөлөрдү жапырт түрдө бөлүү сыяктуу чаралар аркылуу ишке ашырылып жатат".
Кытайдын "кайра тарбиялоо лагерлеринде" отуруп чыккан, чет өлкөгө чыгып кетүүгө үлгүргөн мурдагы туткундар Шинжаңдагы жапырт кысым жөнүндө айтып жүрүшөт. Казакстанга көчүп барган этникалык казактардын билдиргенине караганда, Кытайдын түндүк-батыш аймагында бардык жерде көзөмөл күчтүү, мусулмандарга карата жасалуучу мажбурлоонун айынан коркунуч атмосферасы өкүм сүрүп турат.
Дагы караңыз "Жаназасы окулбай калгандар көбөйдү". Шинжаңдагы жаңы мыйзамРасмий Бээжин жаңы мыйзам улуттук биримдикти жана улуттук коопсуздукту бекемдей турганын, сепаратизмди жок кыларын жана адам укуктарын чектебесин айтууда. Кытай бийлигинин билдиришинче, бул мыйзамдын шарапаты менен этникалык азчылыктар жашаган аймактар өлкөнүн маданиятына жана идеологиясына толук интеграцияланып, заманбап жашоого ылайыкташат.
2008-жылы Лхаса шаарындагы тибеттик кечилдер Бээжинге каршы көтөрүлүш чыгарышкан. Полиция аны күч менен баскан. Расмий маалыматка караганда, анда 22 адам каза болгон, бирок чет өлкөдө жашаган тибеттиктер өлгөндөрдүн саны он эсе көп деп эсептешет.
2009-жылы Шинжаңдын борбору Үрүмчүдө уйгурлар менен кытайлардын ортосунда жаңжал чыгып, 200гө жакын адам каза болгон. Андан кийин Кытайдын ички аймагында жайкын тургундарга бир катар кол салуу болуп, Бээжин мунун баарына уйгурларды айыптаган.
Бээжин мына ушундай зомбулук менен коштолгон кылмыштардын айынан этникалык азчылыктарга карата катаал чара көрүүгө мажбур экенин билдирген.
Жаңы мыйзам, талдоочулардын пикиринде, Кытай бийлигине Шинжаңдын үстүнөн көзөмөлүн күчөтүүгө кошумча мүмкүнчүлүк берет. Бул аймак Кытайды Бээжин үчүн Европага карай соода каттамы жагынан алганда маанилүү болуп эсептелген коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштырып турат. Ошону менен катар, Би-Би-Си жазгандай, байыртан бери тибеттиктер, уйгурлар жана монголдор жашаган аймактар өтө кенен жайылган, алар баалуу минералдарга бай жана айыл чарбасы үчүн маанилүү, өлкөнүн аймагынын олуттуу бөлүгүн ээлеп турат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Шинжаңда агамды “нике кыйды” деп камаптыр...
Көпчүлүк сабактар боюнча аз улуттардын тилинде окутууну чектей турган жаңы мыйзамдан улам "уйгурлар, тибеттиктер жана монголдор мектепте жана университетте сабак окуу үчүн өз эне тилин мындан ары колдоно албай каларын, кытай тилинин мандарин диалектинде сүйлөөгө мажбур болорун" башкы кеңсеси АКШда жайгашкан Campaign for Uyghurs уюму белгилөөдө.
Уюмдун билдирүүсүндө айтылгандай, бул мыйзам "этностук биримдикти" жайылтпастан, тескерисинче, айрым маданияттарды жана тилдерди жок кылат, түрдүү этностук жана диний топтордун ханзу коомчулугуна сиңип, жок болуп кетишине өбөлгө түзөт.
Кытайда 55 этностук азчылык бар деп расмий таанылган, алардын саны он миңдеген сандан миллиондогонго чейин жетет. Кытайда болжол менен 1,5 миллион казак, 11 миллиондон ашык уйгур, 204 миңдей кыргыз жашайт.
Макаланын орусчасын бул жерден окуй аласыздар.