Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

"Шинжаңда кыргыз, казак, уйгурларды мажбурлап кытайлаштыруу жүрүүдө"


Шинжаңдын Хотан шаарындагы түнкү базарда баласын кармап отурган келин.
Шинжаңдын Хотан шаарындагы түнкү базарда баласын кармап отурган келин.

2017-жылдын этегинен тарта расмий Бээжин Кытайдын түндүк батышындагы Шинжаң Уйгур автоном району (ШУАР) аймагында Бээжиндин тили менен айтканда "терроризмге жана экстремизмге келишкис сокку” ура баштаган. Эл аралык уюмдар бул аймактагы уйгурлардын, кыргыздардын, казактардын жана башка түрк тилдүү элдердин өкүлдөрүнүн (жалпысынан миллиондон ашуун кишинин) лагерлерге камалганын байма-бай жарыялап келе жатат.

Быйыл августтун этегинде Кытайдын лидери Си Цзиньпин Шинжаңга барганда «исламды кытайлаштыруу» тууралуу айткан. Ага удаа эле эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" уюму билдирүү таратып, Бээжиндин саясатын “адамзатка каршы кылмышка теңеп”, мусулмандардын укуктарын тебелеп жатканын кайра эске салды.

"Хьюман Райтс Вотч" кытай өкмөтү Шинжаңда саясий идеялогияны сиңирүү үчүн жергиликтүү үй-бүлөлөргө кытай эркектерин таңуулап киргизип берип жатканын, түрк тилдүү калктарды ханзулар менен мажбурлап аралаштыруу (ассимиляция)саясаты жайылганын белгилейт.

"Азаттык" эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун Азия программасынын директору, Шинжаң боюнча адис Майя Ванг айымды кепке тартып, аймактагы кырдаалды сурады.

Мажбурлап жуурулуштуруу саясаты

- Жаңы баяндамада Шинжаңда жергиликтүү калкты кытайлар менен мажбурлап аралаштыруу же аларга жуурулуштуруу саясаты жайылды деп айтылат. Бул аймактын түпкүлүктүү калкы үчүн канчалык коркунучтуу?

- Бул Кытайдын бийликтеринин өлкөдөгү ханзу эмес этностук топтордун, башка динди тутунган калктын укуктарын кандайча басмырлап жатканынын айкын мисалы. Өзүңүз билгендей, башка улуттарга карата Бээжин узак убакыт бою советтик моделди колдонуп келген. Тактап айтканда, түрдүү этносторго өз тилин үйрөнүп, салт-санаасын кармансын деген өндүү чектелген мүмкүнчүлүк берилген.

Эми бул идея түп-тамырынан алмашты. Азыркы кытай бийлигиндеги жогорку даражалуу аткаминерлер арасында этностук топтордун экинчи муунун тарбиялоо саясаты же мажбурлап жуурулуштуруу (ассимиляция) деген саясат жүрүүдө.

Мамлекеттик бул идея – мурдагыдай советтик саясаттын моделинде этностук топтордун, улуттук азчылыктардын өз алдынча жашаганы – Кытайдын бир улут саясаты үчүн көйгөй болуп саналат. Андыктан азыркы саясат аймактагы ар кайсы улуттарды кытай тилин окууга, кытай маданиятын таанууга мажбурлап, аны менен катар эле ал элдердин өздөрүнүн маданий жана этностук иденттүүлүгүн жоюуда.

Уйгурлардын жана Шинжаңдагы башка улуттардын жашоосу кандай өзгөрүп жатканын элестетсеңиз. Алар кадимки күндөлүк турмушта ханзуча (кытайча) окуп, жазып, ойлонуп, алака-катышын кытайлар сыяктуу жүргүзүшү керек.

Бул саясатты ишке ашырууда Шинжаңдагы түпкү калайыкты ханзуларга мажбурлап жуурулуштуруу жүрүмү чектен чыккан чаралар менен коштолууда. Анткени бул аймактагы түрк тилдүү элдер салт-санаасы, туткан дини жагынан келгин ханзулардан кескин айырмаланат. Мындай тажрыйба Тибетте, Ички Монголияда да жүзөгө ашырылууда.

- Бишкекке көчүп келген кытайлык кыргыздардын кызы Шинжаңдагы тааныштары жана туугандары келгин ханзулар менен бир чатыр астында аралаш тиричилик кылып калганын, же үй-бүлөлөр аларга "бекитилген" ханзу эркектер менен чогуу коомдук жайларда жүргөнүн "ТикТок" каналындагы ар кыл видео тасмалардан көргөнүн айтты.

- Ма Синжуй башында турган Кытай Компартиясынын Шинжаңдагы жогорку жетекчилигинин жаңы аппараты түрк тилдүү мусулмандарды мажбурлап ассимиляциялаштырууну аймактын саясатынын чордонуна коёт. Алар “бирге” деп атаган саясий багыт “чогуу болуп, анын жыргалын чогуу көрөлү” деген эки маанини тең камтыйт.

Иш жүзүндө бийликтер мамлекеттик майда аткаминерлерди жергиликтүү үй-бүлөлөргө таңуулап киргизип, аларды бир чатыр алдында жашатат. Анын максаты - жергиликтүү элдин жашоо-турмушуна үзгүлтүксүз көз салуу жана коммунисттик идеологияны кишилердин мээсине сиңирүү.

Кытай бийлиги улут аралык никени белгилүү бир деңгээлде кубаттайт. Мамлекеттик саясат этностук топторду бириктирип, алардын жалпы бир багытка сүрөйт. Шинжаңга келгенде түрк тилдүү мусулмандарды ханзулаштыруу, өлкөдөгү негизги улутка баш ийдирүү үчүн качандыр бир маалда аракет башталмак. Бул, теориялык жактан алганда, ыктыярдуу жуурулуштуруу (ассимиляция) укугу болуп саналат. Ал эми турмушта - күчкө салып мажбурлоо түрүн алууда.

Иш жүзүндө Шинжаңдын карапайым тургуну үйүнө келген чоочун кишини “жок” деп киргизбей коё албайт, антсе ал абакка түшүп, же дагы бир балакетке кабылат. Ансыз дагы азыр аймактагы үй-бүлөлөргө бүлүк түшүп, башына кара булут айланып турат. Үй-бүлөлөрдүн жарымы түрмөгө түшүп же абакта жок болгон маалда алар баарынан коркушат.

Адатта бийлик дайындаган киши жергиликтүү үй-бүлөлөргө келип-кетип, белек-бечкек берип турат. Расмий жарыяланган сүрөт-видеолорду көрсөңөр, алар жергиликтүүлөргө кытай тилин үйрөтүп, өлкөнүн мыйзамдарынын маани-маңызын түшүндүрүп, мамлекеттик гимнди ырдаганды үйрөтүп жүргөнүн байкайсыз.

Ошондой эле алар талаада же чарбада кантип ар кыл технологияны, шаймандарды колдонууну устат катары үйрөтүп, кол кабыш кылып жүргөнүн көрөсүң. Аймактын бийлиги бул ыкманы "өлкөдөгү жакырчылык менен күрөш же элдин турмуш-шартын оңдоо" деп шардана кылып келет.

Ал эми чыныгы жагдай - таптакыр башкача. Маселен, мен түрк тилдүү үй-бүлөлөрдөн интервью алганда, алар чоочун кишилер келип-кеткен сайын, "биз тууралуу дагы эмнени билип кетти болду экен, мен дагы абакка айдалып кетпеймби", - деп катуу коркушаарын айтышты.

Кыскасы, мажбурлап жуурулуштуруу - жергиликтүү үй-бүлөлөрдүн жүрөгүн алып койгон аракет. Айрым жерлерде чоочун эркектер үй-бүлөлөрдө такай жашап калган учурлар да бар. Мамлекеттик ураан - "чогуу жашоо, чогуу тамактануу жана чогуу эмгектенүү".

Мындай ураан алдында аял-эркек бир үйдө чогуу жашаганы айрыкча ал үйдөгү кыз-келиндерди боор ооругандай жагдайга кептейт.

Ал эми расмий саясатка келсек, “бир үй-бүлө” программасында мындай аялуу жагдайлар тууралуу эч бир ишарат да сезилбейт. Иш жүзүндө бул милдеттүү программа аткаминерлер менен жергиликтү үй-бүлөлөрдүн ортосундагы ажырым канчалык тереңдеп баратканын көрсөтөт.

"Исламды кытайлаштыруу" саясаты

- Сиздин уюмдун баяндамасында расмий Бээжиндин дагы бир катаал саясаты - мамлекеттик дин саясаты деп белгиленген экен. "Динди кытайлаштыруу" же Коммунисттик партиянын нугуна салуу кандайча ишке ашат?

- Бээжиндин азыркы саясаты диний эркиндикке келгенде мурдагыдан алда канча катаалдашты. Кытайда беш дин расмий таанылган, анын бири - ислам. Бирок сиз динди бийлик бекиткен эрежеге ылайык, белгиленген жерлерде гана тута аласыз. Мечиттер бийликтин уруксаты менен ачылган жана ал мечиттерде атайын дайындалган имамдар гана иш жүргүзөт.

Мисалы, бир нече жыл мурун Коммунисттик партиянын Шинжаңдагы аймактык катчысы Ма Синжуй Кытайда динди кытайлаштыруу зарыл деген маселени көтөргөн. Бул - динди социалисттик баалуулуктарга ылайыкташтыруу дегенди туюндурат. Мында дин саясатын Компартия тыкыр көзөмөлүнө алат. Демек, дин туткандардын үстүнөн көзөмөл Бээжин бекиткен жаңы эрежелер менен ого бетер күчөйт. Кытай бийлиги аймакта көптөгөн мечиттерди жок кылган, бул жүрүм азыр дагы уланууда.

Шинжаңда кармалгандардын көбү - имамдар, динди мамлекет бекиткен эреже менен тараткандар. Атайын программа менен дин тааныткандар дагы камакка түштү. Ошондой эле белгиленген жайлардан башка жерде намаз окугандар же диний жөрөлгөлөрдү ишке ашыргандар дагы камалган.

Кысым, көзөмөл күчөгөнү аз келгенсип, Кытай бийлиги исламды, Куранды социалисттик баалуулуктарга төп келгидей чечмелеп, мусулмандарды Коммунисттик партиянын микроскобунан өткөрүүдө.

Ошентип, Бээжин дин аркылуу Компартияга сый-урмат, Кытай мамлекетин сүйүү сезимин өрчүтүп, динди бир улуттуу улуу мамлекетке кызмат кылуунун куралына айлантууда.

Ооба, Коммунистик партиянын көзөмөлүндө алар мусулман же диний жамаат болуп жашай берет. Бирок ошол эле маалда Кытайдын мыйзамын бузбагандар деле азапка кабылып, түрмөгө түшүп жатпайбы.

Телефондо кайсы бир тиркемени колдонуу же Түркияга барып келүү - кылмышпы? Жок. Мыйзам ага жол берет. Андыктан Шинжаңда азыр элдин башы айланып, эмне кыларын билбей калды.

Мечитке барса болобу? Ооба. Намаз окуса болобу? Ооба, ага уруксат. Орозо кармаса болобу? Болот. Мунун баарына уруксат бар. Ажылыкка барчулардын тизмесин бийлик өзү бекитет.

Бирок анда эмне үчүн коңшусунун тажыясына барганы үчүн же намаз үчүн жапырт камалгандар бар? Алар эч кандай мыйзам бузган эмес болчу да!..

Этностук иденттүүлүк эмне болот?

- Азчылыктар улуттук жана маданий кимдигин (иденттүүлүгүн) сактап кала алабы? Бир нече он жылдыктан кийин Шинжаңда түрк тилдүүлөр жапырт кытайлашып кетпейби?

- Чындап ошондой коркунуч бар. Кытай бийлигинин саясаты, аны күчкө салып ишке ашырып жатканы ошол маданий ассимиляцияга барып такалат. Тил жагынан алганда, дин тутууга келгенде өкмөт былк эттирбей көзөмөлдөп турат. Эми кайсы бир деңгээлге чейин иденттүүлүк сакталып турса керек, бирок алар бара-бара азайып отуруп, ханзуларга аралашып кетет.

Өзүңүздөр билгендей, Кытайдагы айрым этностук топтор, атап айтсак, дунгандар (хуэйзу) кытайларга дээрлик жуурулушуп кеткен. Алар көп жагынан ханзулардын өздөрүнө окшош, бир айырмасы - ислам динин тутуп келишет.

Кытай өкмөтү мындагы дунгандарга басымын ого бетер күчөтүүдө, анткени алар мусулманчылыкты карманганы үчүн соңку жылдары, мен жогоруда айткандай, өзгөчө катаал кысымга кабылышты.

Ал эми уйгурлар, кыргыздар, казактар үчүн репрессиянын капканы андан да каардуу. Анткени алар жалпы ханзулардан кескин айырмаланышат. Бээжиндин мындай өкүмзор саясаты башка этностук топторду да бутага алып жатканы талашсыз.

Ондогон жылдардан кийин, эки муун өткөн соң, этностук кимдиктин (иденттүүлүктүн) өзгөчө белгилери жоголуп, чакан этностор жалпы ханзуларга жуурулушуп кетиши ыктымал.

Азыркы саясатка ылайык, эгерде ата-эне кайра тарбиялоочу лагерлерге түшүп калса, анда мындай үй-бүлөлөрдөгү жаш балдарды мамлекеттик балдар үйүнө алып кетишет. Андай жайларда жана мамлекеттик мектептерде мандарин тилинде (б.а. Кытайдагы стандарттык ханзу тилинде) гана сүйлөө талап кылынат да, балдардын өз эне тилинде сүйлөшүнө уруксат берилбейт.

Демек, мындай жайларда чоңоюп, эс тарткан балдар өз элинин маданиятын билмек тургай, эне тилинде сүйлөй албай да калат. Ошентип, Кытай өкмөтү балдарды маданий, диний тамырынан ажыратып салат. Каардуу репрессиянын капшабы менен Шинжаңда ойчулдар, айдыңдар, акын-жазуучулар, агартуучулар кайра тарбиялоочу лагерлерге айдалган.

- Сиз айткандай, Шинжаңдан чыккан айдыңдар (интеллектуалдар), илимпоздор дагы репрессиянын чеңгелине түшүп атканы тууралуу маалыматыбыз бар. Мисалы, бери дегенде эки таанымал кыргыз илимпоздун тагдыры белгисиз.

- Кытайдын бул аймагы узактан бери эле катуу көзөмөлдө болгонун эстен чыгарбасаңыз. Андыктан ал жакта жашаган элдерде улуттун эне тилин жана иденттүүлүгүн өнүктүрүү эркиндиги болгон эмес.

Азыркы репрессия оболу чыгармачыл көрөңгөсү барларды да бутага алып, аларды бир нече жылдап абакка салды. Репрессия маалында карапайым киши орто эсеп менен 12 жылга кесилсе, айдыңдарга андан да көп мөөнөт берилет. Мен ушундай кырдаалды "муундун жоголушу" деп баалар элем.

Бул жүрүмдү өз алдынча, өз элинин тагдыры тууралуу уникалдуу ойлонгондорду, Коммунисттик партиянын саясий нугунан айырмаланган көз карашты туткандарды жок кылуу деп түшүнсө болот. Анын кесепети бүтүндөй бир элдин жок болуп кетүүсүнө туш кылат.

Шинжаң аймагы – байыркы элдердин, эзелки цивилизациянын очогу болгон. Бул репрессиянын айынан аймактагы көп элдер, жергиликтүү цивилизация мурасы түп-тамырынан жок болушу ажеп эмес.

Бээжин - Борбор Азия алакасы

- Бээжин Борбор Азиядагы өлкөлөргө эң бараандуу инвестор экени маалым. Шинжаңдагы кандаштарынын репрессияга кабылып жатканына постсоветтик коңшу өлкөлөр көз жумду мамилесин уланта береби?

- Борбор Азиянын көпчүлүк постсоветтик өлкөлөрүнүн бийлиги өздөрү авторитардык түзүлүштү орноткондугу белгилүү. Кытайдагы боордошторун карамак тургай, алардын көбү өз өлкөсүндөгүлөрдүн камын көрүүнүн машакатын тартууда. Ага кошумча болуп, Бээжин чындап эле бул Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн башкаруучу элитасын ар кандай айла-амал, схемалар аркылуу арбап алган.

Борбор Азияда бул көйгөйдү көтөрүп, чек аранын ары жагындагы боордошторун ойлогондор, албетте, бар.

Бирок өз калкын ушунчалык тебелеп-тепсеп жаткан Кытай өкмөтүнө ишенсе болобу? Ал өлкөдөгү дүйнө таанымы - күч менен укуктун өз ара тиреши менен чийеленген. Коммунисттик партия "кимде-ким Бээжиндин таасиринде болбосун, кандай көз карашта экенине карабай аны эртедир-кечтир идеологиябызга баш ийдиребиз" деген максатта чечимдерди кабыл алат.

Андыктан Борбор Азия өлкөлөрүнүн азыркы турумун алсак, Бээжин менен өтө тыгыз карым-катнашы үчүн келечекте катаал жооп берип калышы мүмкүн.

Борбор Азиянын Бээжин менен мамилеси кандай болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:59 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG