Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

"Жубайымды жети жылдан бери көрө элекмин". Шинжаң туткундары


Шинжаңда камалган 37 жаштагы Миясар Мухадам жети жылдан бери балдардын көрө элек.
Шинжаңда камалган 37 жаштагы Миясар Мухадам жети жылдан бери балдардын көрө элек.

Үч баласын жети жылдан бери жалгыз багып келе жаткан Садриддин Аюуповдун жубайы Шинжаңда калган. Алар жети жылдан бери жолуга албай жатат. Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган Гусман Рахимулы 2023-жылы жазында камакка алынган. Анын Алматы облусунда жашаган иниси Билал полиция агасын үйүнөн Куран китеби табылганы үчүн кармап кеткенин айтууда.

Жакындарын кайтарып келүү үчүн бул жарандар казак бийлигинен жардам сурап келет.

Шиңжаң: Балдарды энеден ажыраткан саясат...

Казакстандын Алматы облусунун Шелек айылында жашаган, 44 жаштагы Садриддин Аюупов үч баласын жалгыз багып келет. Ал жети жыл мурда Шинжаңга кеткен жубайын кайтара албай жүрөт. Темир кабыл алуучу жайын иштеткен ата аргасы түгөнгөнүн айтууда.

Садриддин Аюупов үч баласын жалгыз багып келе жатат
Садриддин Аюупов үч баласын жалгыз багып келе жатат

“Үч жыл бою эч жакка кеткен жокмун. Мен жөн эле таксист болчумун, балдарды карачумун. Ал кезде бала бакчага барышчу. Студент кезимде тамак жасаганды үйрөнгөм. Бирок аял кылгандай болбойт экен. Кээ күндөрү даяр кесмени алып келип жечүбүз. Кызымды төрт жашка чейин өзүм жуундуруп, чоңойтум. Кызым кичинесинде көп тумоолоду. Жылына эки жолу 15-20 күн ооруканада жаттык. Документтерди аялым ала кеткендиктен, балага жөлөк пул алган жокмун.”

Каарманыбыздын улуу кызы Элзат азыр 15 жашта, ортончусу Мусилим 11ге, кенжеси Фатима тогузга чыкты. Балдардын апасы Миясар Мухадам Кытайга кеткен кезде Фатима бир жаштан жаңы өткөн бөбөк эле.

2016-жылы Шинжаңда аз улуттардын динине жана үрп-адатына кысым көрсөтүлүп, Кытай бийлиги бул аймакта лагерлерди куруп жатканы тууралуу кабар тараган.

Миясар Мухадамдын Кытайга кезектеги сапары дал ушул мезгилге туш келген. Садриддиндин айтымында, 2016-жылдын сентябрь айында анын жубайы Миясар "Хоргос" бажы бекетинен өтүп, Үрүмчү шаарына барганда милиция анын паспортун тартып алып, 2017-жылдын март айында саясий лагерге жөнөткөн экен.

Садриддин Аюупов жубай Миясар Мухадам
Садриддин Аюупов жубай Миясар Мухадам

“Келинчегимдин Кытайга кетишине биринчи себеп документ маселеси болсо, экинчи жагынан апасы Миясарга "атаңды алып кетишти, сакчылардын сага суроосу бар экен, келсең атаңды кое беришет экен" деген. Анан аялым кеткен, ошол бойдон кайтып келген жок".

37 жаштагы Миясар Мухадам кытай жараны. Сариддин жубайы менен 2006-жылы Египетте окуп жүргөндө таанышып, 2017-жылы баш кошкон. Үйлөнгөндөн кийин алар Казакстанга келип, Сариддин Алматыдагы мечиттердин бирине имам болуп кирген.

Миясар ушу тапта Кытайдын Кашкар районундагы Атуш шаарында турат. Ал Казакстанга, үй-бүлөсүнө келе албайт. Телефон аркылуу гана анда-санда жашырынып байланышып турат.

“ Улуубуз биз өлкөгө келген жылы төрөлгөн. 2009-жылы жубайыма казак жарандыгын алуу үчүн документтерди чогулта баштадым (Жарандык жөнүндөгү мыйзамда Казакстандын жараны менен үч жылдан кем эмес никеде тургандар жарандык алуу үчүн кайрылса болот – ред.). Бул үчүн соттолбогон, качып кетпеген, уурулук кылбаган, издөөдө жүргөн эмес деген он беш түрдүү документти Кытайдан алып келгенбиз. Ага алты айдай убактыбыз кетти. Документтерибизди убагында караган жок. Ал эми Кытайдан алып келген кагаздардын жарактуу мөөнөтү болгону бир ай болчу. Ошентип эки жолу бардык. Кийин паспорттун мөөнөтү бүткөндө жубайым Кытайга барууга аргасыз болду. Кайра кайтып келе жатканда Казакстандын элчилиги жубайыма туристтик виза берген. Аны менен жарандык ала албайсың. Аны алмаштыруу үчүн Кытайга дагы барууга туура келди”.

Садриддиндин кайнатасы менен жездеси да диний көз карашы үчүн үч жыл саясий лагерде отурган. Диний билим алат деп кенже кызын Египетке окууга алып барган 63 жаштагы кайненеси да соттолгон. Садриддиндин жубайы Миясар 2017-жылдын мартынан тарта саясий лагерде төрт жыл жашаган.

"Миясардын лагерде камалышына анын казак жараны менен баш кошкону жана Египетте диний билим алганы себеп болгон. 2017-жылдын март айында ал мага телефон чалып, "азыр мага полиция келе жатат, алып кетет, качан барарым белгисиз" деп айтты. 15 күндөн кийин мага лагердин ичинен телефон чалышты. Эки айдан кийин ооруканадан медайым чалган. Ошондон кийин бизге маалымат берилген жок”.

"Аялым бир нерсе айтуудан коркот"

Буга чейин кытай бийлиги Шинжаңдагы “кесиптик окуу борборлору” 2019-жылдан бери иштебей калганын билдирген.

Бирок Миясар Мухадам күйөөсүнө 2021-жылы гана телефон чалып, "мен лагерден кеттим" деп кабарлаган. Азыр Кытайдын WeChat социалдык тармагы аркылуу жылына бир же эки жолу баарлашат.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Садриддин менен Миясар чек арадагы “Хоргос” соода борборунда жолугууну сүйлөшкөн. Бирок кытай бийлиги аялга документтерин берген эмес.

Казакстан - Садриддин Аюпов жети жылдан бери жубайын күтөт. Шелек, Алматы. 20-июль 2023-жыл
Казакстан - Садриддин Аюпов жети жылдан бери жубайын күтөт. Шелек, Алматы. 20-июль 2023-жыл

“Келинчегим биз менен ачык сүйлөшө албайт, бирөөдөн коркуп калгандай. Балдар менен да көп сүйлөшпөйт. Мурун балдарым "апам качан келет, сүйлөштүңбү?" деп сурашчу эле. Азыр такыр айтпай калышты. Өткөндө "апаңарды сурабай калдыңар" десем, "апабыз сүйлөшсө, өзүңүз айтасыз" дешти. Алар да бул жашоодо апасын унутуп бараткандай”.

Садриддин Казакстандын бийлигинен аялын өлкөгө алып келүү үчүн бир эмес, бир нече ирет жардам сураган. Бирок анын арыздарына жооп болгон эмес. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Брюсселдеги жыйынына катышып, сөз сүйлөгөнүн билдирди.

“Мен Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевге эки жолу, азыркы президент Касым-Жомарт Токаевге бир жолу кат жаздым. Тышкы иштер министрлигине жазган каттарымдын эсеби жок. Бирок, каттарга жооп болбоду. Алматыдагы Кытай консулдугуна эки жолу бардым, “бизге виза бергиле, балдарымдын апасына барып келейин” деп сурандым. Менин документтеримди да кабыл алышпады. Эшиктен түртүп чыгарып коюшту”.

Садриддиндин ар бир күнү күтүү менен башталат. Белгисиздиктен тажаган атанын азыр бир эле кыялы бар. Ал – балдарына бир жолу болсо да апасын көрсөтүү...

“Эгерде жубайым Казакстандын жараны болгондо Кытайга бармак эмес. Кытай “ал Казакстандын жараны, келбейт” деп сөздү жаап коймок. Казакстандын паспорт, жарандык бербегени бизди убайымга салды”.

Садриддин Аюповдун маселеси боюнча “Азаттык” да Тышкы иштер министрлигине расмий кат жолдоду, азырынча жооп келе элек.

Кытайдагы казактардын укугун коргогон “Атажурт ыктыярчылары” уюмунун жетекчиси Ербол Даулетбекулы уюмдун атынан Тышкы иштер министрлигине бир нече жолу кат жазып, Аюповдун маселесин көтөргөнүн, бирок эч кандай жооп болбогонун айтат.

Шинжаңдагы дагы бир тагдыр: Нике кыйды” деп камалып...

Кытайдын Шинжаң аймагынын 57 жаштагы тургуну Гусман Рахимулыны кытай полициясы 2023-жылдын апрель айында камаган. Буга анын үйлөнгөн эки жашка нике кыйганы себеп болгонун иниси Билал Рахимге туугандары билдирген.

"Бул кишиге "коомдук тартипти бузган" деп кылмыш иши козголгону айтылды. Коомдук тартипти бузгудай ал киши өлтүрүп же тополоң кылганы жок. Үйүнөн Куран китеп, диний китептери чыккан дейт. Ал ошол аймактын имамы болгон. Аталары молдо болгон. Ага өкмөт өзү уруксат берген".

Шинжаңда агамды “нике кыйды” деп камаптыр...
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Билалдын айтымында агасы андан мурда да ушундай эле айып менен бир ай абакта отуруп чыккан. Эки жыл мурда ал Казакстанга көчүп келе турган болуп мечиттеги жумушунан бошогон. Алматы облусунда жашаган Билал агасын алып келүүгө бир нече жолу аракет кылган менен майнап чыккан эмес.

Билал Рахим
Билал Рахим

"2021-жылы агама чакыруу жөнөткөнбүза. Кытай бийлиги алардын паспортторун жыйнап алгандыктан 2023-жылга чейин келе албады. Андан кийин аргабыз кетип эл аралык маанидеги "туугандарды бириктирүү, үй-бүлөсү менен жолуктуруу" деген чакыртуу жибердик. Кагазга ички иштер жана тышкы иштер министринин мөөрү басылып, кытай элчилигинен тастыкталган кагазды жөнөттүк эле, чакыртуу барган күнү эле агамды кармап кетиптир".

Абактагы Гусман Рахмуглы кант диабети менен ооруйт, кан басымы дагы жогору. Мындан улам иниси Билал казак бийлигине кайрылып, жардам сурап жатат.

Кытайдагы казактардын иштери менен алектенип жүргөн, катталбаган "Ата-Журт" партиясынын жетекчиси Бекжан Максуткан соңку кездери Билал өндүү жакындары абакта жаткан жарандар көп кайрыла баштаганын айтты:

Бекжан Максуткан
Бекжан Максуткан

"Былтыр күз айынан баштап кармоолор кайра башталды. Мурда абакка түшкөн же жаңы кармалып жаткандар көп болуп жатканын туугандарынын кайрылуусунан билип жатабыз. Кармалгандардын ичинен эч кандай саясатка аралашпагандарды, дарыгерлерди деле кармап жатат".

Бекжан Максуткан ушул тапта абакта отурган бир топ адамдын ысымын атады. Бул маселе боюнча Казакстандагы кытай элчилиги журналисттердин суроосун жоопсуз калтырып келет. Расмий маалымат боюнча Кытайда 1,5 миллионго чукул казак тектүүлөр жашайт. Алардын арасында Казакстанга көчүп кетүүнү каалагандар арбын.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагы жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери айтылып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, андай лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атайт. Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британиянын, Нидерланддын, Канаданын, Франциянын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG