Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:46

Си Цзинпиндин сапарынын алдында казак активисттери камалды


Кытайдын президенти Си Цзинпин (солдо) жана казак президенти Касым-Жомарт Токаев. Бээжиндеги Элдик кеңеш үйүнүн салтанатында. 11-сентябрь, 2019-жыл.

Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып, 12-сентябрда Алматыда нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетти. Ушул эле күнү Түркиядагы уйгур диаспораларынын миңдеген өкүлү Кытайдын Стамбулдагы консулдугунун алдына чогулушту.

12-сентябрда Алматы шаарынын тургундары Халида Акытан, Гаухар Курманалиева жана Гүлфия Казыбек Чымкентке автобус менен кетип бараткан жеринен кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ошол жерден алар өздөрүнө "тынчтык митингин өткөрүү эрежесин бузуу" беренеси менен административдик жаза чегерилгенин билишкен.

Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып жаткан Гүлфия Казыбек, Халида Акыхан жана Гаухар Курманалиева (солдон оңго). Алматы, 11-сентябрь, 2022-жыл.
Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып жаткан Гүлфия Казыбек, Халида Акыхан жана Гаухар Курманалиева (солдон оңго). Алматы, 11-сентябрь, 2022-жыл.

Гаухар Курманалиева Кытайдын Алматы шаарындагы консулдугунун алдына тогуз аял келип, Шиңжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылганын айтты:

"Биз ал жерде ойноп жүргөн жокпуз. Кытайдагы туугандарыбыздын эркиндигин талап кылып жүрөбүз. Урматтуу президент, митингге чыккан тарапташтарыбызды тез арада бошотууга буйрук бериңиз", - дейт Гаухар Курманалиева соцтармактарда жарыялаган видеосунда.

Ал ошондой эле активисттердин бири Гүлфия Казыбек полиция бөлүмүндө өзүн начар сезип, "Тез жардам" кызматы аны шаардык ооруканага алып кеткенин кошумчалады.

10-сентябрда Медеу райондук соту Бээжиндин Алматыдагы консулдугу менен Шинжаңдагы туугандарына арачылык кылууга барган Акикат Калиолла менен Байболат Күнболатулыны "тынчтык митинг өткөрүү эрежесин бузган" деген айып менен 15 күнгө камаган.

Кытай лидеринин "илеби" активисттерге тийди

Активисттер сот менен полициянын бул аракетин Кытайдын лидери Си Цзинпиндин 14-сентябрда Казакстанга боло турган сапарынын алдындагы кысым деп сыпатташууда.

Си Цзинпиндин мамлекеттик сапарын утурлай Шинжаңдагы казактардын укуктарын коргоо менен алектенген "Ата Журт ыктыярчылары" уюму акция өткөрүү суранычы менен өкмөткө кайрылган. Бирок бийлик уруксат берген эмес.

"Президент Касым-Жомарт Токаевден, Тышкы иштер министрлигинен, БУУ жана эл аралык адам укуктары уюмдарынан суранабыз, биздин Шиңжаңдагы туугандарыбыздын мекенге кайтып келишине көмөктөшүңүздөр. Биз, тогуз эне беш жылдан бери үнүбүздү Кытайдын элчилигине жеткире албай жүрөбүз. Алар мекенге кайтмайынча биз митингди токтотпойбуз", - дейт активисттердин бири Өмүрали Гулбаран.

Кытай лидеринин Казакстанга сапарын утурлай баш калаа Нур-Султанда да дүйшөмбү күнү "Чыгыш Түркстандагы мусулмандардын геноциди токтотулсун" деген ураан менен акциялар уюштурулду.

"Кытайдагы түрк тилдүү боордоштордун геноциди токтотулсун. Кытай Компартиясынан ушуну талап кылам жана бардык шаардыктарды каршылыгын билдирүүгө чакырам", - дейт Кайрат Сейткалиев.

Кытайда камактагы туугандардын бошотууну талап кылгандар Бээжиндин Алматыдагы консулдугунун алдына бир жылдан бери чыгып келишет. Айрым учурда алар имараттын алдында, көчөдө түнөп да калышчу. Акциянын катышуучуларын полиция бир нече жолу кармап, айып пул төлөөгө милдеттендирип, кээ бирлерин 10-15 суткага камаган учурлар болгон.

Түркиядагы уйгурлар митингге чыгышты

Ал арада 12-сентябрда Кытайдын Стамбул шаарындагы консулдугунун алдында да Бээжинди мусулмандарга карата кысымды токтотууга чакырган нааразылык акциясы өттү. Ага беш миңдей митингчи катышканы айтылууда.

Анда сөз сүйлөгөн Түркиядагы Чыгыш Түркстан улуттук ассамблеясынын жетекчиси Сейит Түмтүрк соңку бир айдан бери Бээжин коронавирус пандемиясынын шылтоосу менен мусулмандарды үйлөрүндө камап койгонун айтты.

"Кытай Чыгыш Түркстандагы лагерлерде жана түрмөлөрдө миллиондогон мусулман туугандарга каршы геноцид кылып жатат. Акыркы 45 күндөн бери уйгурлар коронавирустун айынан үйлөрүнө камалып, ачкачылыктан кырылып атышат".

Ал ошондой эле шаршембиде Кытайдын Анкарадагы элчилигинин алдына жана БУУнун кеңсесине барып, митинг өткөрүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

Бүгүнкүгө чейин Түркия бир да уйгурду же башка мусулман качкындарын Кытайга депортациялаган эмес. Тескерисинче, Түркиядан башпаанек сураган миңдеген кытайлык уйгурларга жана башка мусулмандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, түрк жарандыгын алып, жашап жаткандар көп.

Түркияда азыр болжол менен 50 миңге жакын кытайлык уйгур качкын макамын алган деген божомол бар. Андан тышкары миңдеген шинжаңдыкка убактылуу же туруктуу жашоого уруксат берилген. Арасында Түркиянын жарандыгын алгандары дагы бар.

Буга чейин Түркия Кытайдагы саясий лагерлерде 1 миллиондон ашык уйгур жана башка азчылык өкүлдөрү кармалып турганын билдирип, Бээжинди мындай жайларды жабууга чакырган. Ал эми Кытай Шинжаңда мусулман азчылыктарынын укугу бузулуп жатканы тууралуу Түркиянын билдирүүсүн четке каккан.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары мүнөздөйт.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британиянын, Нидерланддын, Канаданын, Франциянын парламенттери Кытайдын мусулмандарды куугунтуктаганын "геноцид" деп таанып, Бээжинге санкция салган.

Бул имарат коопсуздук камерасы менен көзөмөлдөнөт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG