Эркин Орусияны эңсеген Навальныйдын жолу

Навальныйдын элеси түшкөн муралды өчүрүп жаткан жумушчу.

2024-жылы 16-февралда орус бийлиги оппозициялык лидер Алексей Навальныйдын колонияда каза болгонун кабарлады. "Свобода" радиосу Навальныйдын ар кайсы жылдардагы сүрөттөрүн жарыялады.

Алексей Навальный саясатка 2000-жылдары келип, бара-бара Орусиядагы оппозициянын эң көрүнүктүү, жаш, ачык-айрым, шайыр лидери болуп калды. Бул сүрөткө ал жубайы Юлия менен 2013-жылы жапырт каршылык акциялар учурунда тартылган (алардын эки баласы бар).

2011-жылы 4-ноябрда Алексей Навальный орус улутчулдарынын "Орус маршы" митингинде сүйлөп жатат. "Орус маршына" катышканы үчүн Навальный көп ирет жеме уккан. 2011-жылдан кийин ал улутчулдардын иш-чараларына катышпай койгон.

2011-жылы 21-декабрда Алексей Навальный "Бирдиктүү Орусия" партиясы жеңген парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциясына чыккан. Бул шайлоолор, ошондой эле кийинки жылдын жазында Владимир Путиндин кайрадан шайланышы Орусияда 2013-жылга чейин уланган жапырт каршылык акцияларынын башталышына түрткү берген.

2012-жылы Навальный Орусиядагы каршылык кыймылынын лидери болуп, эң көрүнүктүү саясатчылардын бирине айланган.

Бир жылдан кийин, 2013-жылы Алексей Навальный Москванын мэрлигине талапкер болуп, 27% ашуун добуш менен экинчи орунду ээлеген.

Алексей Навальный 2014-жылы 30-декабрда “Ив Роше” (Yves Rocher - кишинин ысымы, компания анын атында) иши боюнча өкүм чыккандан кийин. Саясатчыга каршы козголгон экинчи кылмыш ишинде ал алдамчылык боюнча айыпталып, 3,5 жылга шарттуу кесилген. Навальныйдын бир тууганы Олег ушул эле иш боюнча анык мөөнөткө кесилген. Экөө тең күнөөсүн четке кагып, муну саясий куугунтук деп аташкан.

Алексей Навальный 2015-жылы 1-мартта каршылык акциясына чыгууга аракет кылып жатканда полиция тарабынан кармалгандан кийин. 2011-2018-жылдары Навальный 10 жолу административдик камакка алынган. Бул мезгил аралыгында ал атайын абакта 192 күн отурган.

"Украинадагы согушту ким баштаганы анык белгилүү. Муну Путин жана анын жан-жөкөрлөрү баштады. Ал өзүнүн жеке басар бийлигин сактап калуу үчүн ушундай кадамга барды". Алексей Навальный "Азаттык" радиосунун Москвадагы студиясында.

Оппозициялык саясатчы Борис Немцов сыяктуу эле, Алексей Навальный да февраль айында каза болду. Немцов 2015-жылы Кремлдин жанында атып өлтүрүлгөн. Навальныйдын тарапкерлери 2020-жылы ал “Новичок” менен ууланып, абакта кыйноого кабылбаса, тирүү калмак деп ишенишет. Сүрөттө: Алексей Навальный Немцовду эскерүү маршында. 2018-жыл, 25-февраль.

2017-жылы Алексей Навальный кезектеги президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн. Бүткүл Орусияда анын жактоочуларынын штабдары түзүлгөн. Ошентип, федералдык масштабдагы толук кандуу саясий күч катары Коррупцияга каршы күрөшүү фонду түптөлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы Навальныйдын “Кировлес” иши боюнча соттолгондугуна шылтоолоп, талапкерлигин каттоодон баш тарткан.

Ошол эле жылы Алексей Навальный менен Коррупцияга каршы күрөшүү фонду премьер-министр Дмитрий Медведевдин "жашыруун империясы" жөнүндө "Ал силерге Димон эмес" аттуу иликтөө тасмасын чыгарышкан. Анда премьер-министр жана анын ишенимдүү адамдары кайрымдуулук фонддору аркылуу олигархтардан миллиарддаган рубль алып турган коррупциялык тармак түзгөнү далилденген. Тасманын чыгышы бүткүл Орусияда миңдеген адамдардын коррупцияга каршы нааразылык акцияларынын башталышына түрткү берди.

Навальныйга кол салуулар да болуп турган. Бул сүрөт 2017-жылы Москвада анын бетине жашыл дары (“зеленка”) чачылгандан кийин тартылган.

2018-жылы март айында Владимир Путин расмий маалыматтар боюнча 76% ашуун добуш топтоп, дагы бир жолу президент болуп шайланган. Навальный жана анын тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Алар каршылык акцияларын добуш берүүгө чейин да, андан кийин да уюштурган. Навальный көп жолу кармалып, камакка алынган.

Бул сүрөттө: Алексей Навальный өзүнүн 2018-жылы 28-январда Москвадагы шайлоого катыштырылбаганына каршы уюштурулган нааразылык акциясында.

Москва. 2019-жыл, 12-июнь. Алексей Навальный баңгизат саткан деп айыпталган журналист Иван Голуновдун камакка алынышына каршы каршылык акциясында кармалган. Кийинчерээк Орусиянын укук коргоо органдары Голуновго каршы козголгон иш ойдон чыгарылганын моюнга алышкан.

2020-жылы Навальныйды өлтүрүү аракети болду - аймактарды кыдырып жүргөндө ууландырышты. Анан Германияга жеткирилип, ал жерден орусиялык атайын кызматтар жакпай калган адамдарды жок кылуу үчүн колдонушат деп айтылган "Новичок" уулуу заты менен ууланганы тастыкталган. Бул сүрөткө Алексей Навальный 15-сентябрда Берлиндеги “Шарите” ооруканасында үй-бүлөсү менен тартылган.

Бир нече айдан кийин Навальный Орусияга кайтып келерин жарыялады. 2021-жылы 17-январда ал Москвага учуп келер замат аэропорттон кармалды. Ошентип, саясатчы биротоло камакта калды.

Ошондон бери Алексей Навальный элге өзү кармалып турган колонияларда өткөрүлгөн сот отурумдарынан видео берүүлөр аркылуу гана көрүнүп турган. Бул сүрөткө ал 2023-жылы 26-сентябрдагы сот учурунда тартылган.