Бүйүр кызыткан талкуу. Президенттик шайлоо качан болот?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда 70тен ашуун мурдагы жогорку жетекчилер, коомдук ишмерлер өлкө бийлигине кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. Алар мындай кайрылууну өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту сактоо зарылчылыгы менен негиздешкен. Азырынча президент Садыр Жапаров баштаган өлкө бийлиги кайрылууга жооп бере элек. Бирок соңку жагдай өлкөдө президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу талкууну күчөттү.