Жүз жыл мурда гүлдөгөн Ооганстан

Кабулга жакын жердеги бакчадагы жаз. 1920-жылы Ооганстан Улуу Британиянын карамагынан чыгып, өзүн көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган. Он жыл аралыгында өлкөнү ошол кездеги эмир Аманулла Хан башкарып турган. Ал жаңы түптөлгөн мамлекетти Батыштын стилинде, жаңыча башкарууга аракет кылган. 

 

Каска кийген коноктор батыш Кабул тоолорундагы чайхананын короосунда отурушат.

Дубалдан жасалган Кабулдун көчөлөрү - иш үстүндөгү зергер.
Чоң форматтагы түстүү фото 1928-жылы сүрөтчү Фредерик Гадмер тарабынан, дүйнөнүн сүрөттөрүн чогултууга багытталган  "Планетанын Архивдери" Archives of the Planet долбоорунун алкагында тартылган.  

 

Кабулдагы эки катар дарактар тигилген көчөнү бойлой баскан жалгыз аял. "Планетанын Архивдери" долбоорун франциялык банкир каржылап, ал 1909-1930-жылдар аралыгында дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнө сүрөтчүлөрдү жөнөтүп турган.  

 

Жаңы Ооганстан мамлекетинин негиздөөчүсү Ахмад Шах Дурранинин мүрзөсү. Дүйнө тууралуу кызыктуу сүрөттөрдүн арасында Ооганстан жөнүндө тартылган сүрөттөр айырмаланып турат. Сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп турган учурун көрүүгө болот. 

 

Кабул шаарындагы саат мунарасы. Өзгөчө стилде курулган мунара 1990-жылы Ооганстанды каптаган жарандык согуш учурунда кыйроого учураган. 

 

Европалык айым портреттик сүрөткө түшүп жаткан учуру. Кабул шаары. 

Кабул шаарындагы жасалгалуу үйлөрдүн бири. 

 

Кабулга жакын жайгашкан Пагхман багындагы эскерүү аркасы. Ал 1919-жылы англичандарга каршы күрөштө, тагыраагы Ооганстандын көз карандысыздыгы үчүн болгон согушта курман болгондордун элесине арналган. Арканын үстүнкү бөлүгү 1980-жылы орус-ооган согушу учурунда талкаланган. Кийинчерээк калыбына келтирилген. 

 

Пагхман багы. Мамлекеттик бак 1900-жылдын башында Аманулла Хан тарабынан курулган. 
 

Пагхман багындагы фонтан. Сүрөттөгү имараттардын көпчүлүгү 1980-1990-жылдардагы согуш толкуну учурунда жок кылынган.  

 

Пагхман багында сейилдеп жүргөн европалык аял. Азыр бул аймакта иттердин жарышы ( dog-fighting contests) өтөт. 

Пагхман багындагы жаз. 1992-жылы сегиз жылдык согуштан кийин үй-бүлөсүн, үйүн жоготуп, кайра Пагхманга кайтып келген тургун: "Бул жер кооз болчу, азыр мунун баары өтмүш, жомок", - деп "Нью-Йорк Таймс" гезитине берген интервьюсунда айтып өткөн.  

 

Кабул айыл-чарба мектебинин директору Жерард мырза жубайы менен. 

Кабул шаарындагы кызгылт түстөгү көп бурчтуу имарат. 

Ооганстандын түштүгүндөгү төө баккан малчылар. 

Ооганстандын батышындагы Герат чеби. Ал азыркы күнгө чейин бар. 

Кабул эс алуу багындагы фонтан. 

Кабулдун четиндеги Дарул Аман сарайы. Ал Аманулла Хандын дагы бир долбоору болгон. 1929-жылы исламчы топ Аманулла Ханды бийликтен кулаткан соң, сарайдын курулушу токтоп калган.  


 

Дарул Аман ак сарайынын арткы көрүнүшү. 1980-1990-жылдардагы башаламандыктан кийин, октордун изи калып, ак сарай Ооганстандагы мыйзамсыздыктын белгиси болуп калган. Бирок ооган демилгечилери 2019-жылдын август айында белгилене турган Ооганстандын көз карандысыздыгынын 100 жылдыгына утурлай, ак сарайды калыбына келтирүүгө аракет жасашууда.