Москва: «Тоталдын» башчысы набыт болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москванын Внуково аэропортунда «Фалькон-300» учагы кырсыкка учурады. Кыйраган учактагы француздардын «Тоталь» компаниясынын президенти Кристоф де Маржери менен үч учкуч набыт кетти. Орусия менен жакын алакасы бар нефть компаниянын президентинин учагы аэропортко келип конгондо кар тазалаган машина менен кагылышкан. Эки өлкөнүн атайын адистери иликтөө иштерин жүргүзүүдө.