Авиакырсык болгон жерде издөө иштери жүрүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусияда кыйраган Ан-148 учагындагы 71 киши курман болгонун Саламаттык сактоо министрлиги бышыктады. “Саратов аба жолдорунун” жүргүнчү ташыган учагы жекшембиде түштөн кийин Москванын “Домодедово” аэропортунан учуп чыккандан төрт мүнөттөн кийин радардан жоголгон. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тергөөчүлөрдүн тобу иштеп жатат. Орусиянын Оренбург облусунда бүгүн аза күтүү жарыяланган.