Путин: Учактын кыйроосу "далыга урулган сокку"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сирияда Орусиянын Су-24 аскерий учагы кыйрашына байланыштуу президент Владимир Путин билдирүү жасап, "бул жоготууну террорчуларга кол кабыш кылгандардын артыбыздан сокку уруусу деп айтам, бүгүнкү болгон окуяны башкача айта албайм", - деди. Түркия премьер-министри Ахмет Давутоглу болсо Түркия чек арасы бузулушуна каршы бардык чараны колдонууга укугу бар экенин билдирди. Бүгүн эртең менен түрк маалымат каражаттары бүгүн Сирия чек арасына жакын жерде Түркиянын аба мейкиндигин бузган белгисиз аскерий учак атып түшүрүлгөнүн жазып чыгышкан. Анда F-16 үлгүсүндөгү Түркиянын эки истребители белгисиз учакты атардан мурда аба мейкиндиги бузулганы тууралуу он жолу эскертүү бергени, учак Сириянын чек арага жакын аймагына кулап, андагы эки учкуч парашют менен секирип кетүүгө үлгүргөнү айтылат.