Москвада мечит курууга каршы акция өттү

Текстильщики районунда курулары болжолдонгон мечиттин долбоору.

28-ноябрда Москвадагы Текстильщик районунда мечит курууга каршы акция өттү. Жергиликтүү тургундар бул аймактагы сейил бакты сактап калууну талап кылышууда.
Нааразылык акциясына катышкандар 50гө жакын унаа менен Волгоград көчөсүнөн Садовое көчөсүнө чейин жүрүш жасашты. “Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, тартип коргоо органдары жүрүш жасагандарга тоскоолдук көрсөткөн эмес.

11-ноябрда мечит башка жакка салынарын ордо калаанын Түштүк-Чыгыш округунун өкүлү билдирген. Бирок тургундар мечит баары бир курулуп калышы ыктымалдыгын айтып, акцияга чыгышты.

Мындан эки жыл мурда Текстильщик районунда ошол кездеги шаар башчы Юрий Лужков өз жардыгы менен мечит курула турган жер бөлгөн. Үч миң киши бата турган мечит куруу иши ошентип башталган. Бирок ал жердин тургундары шаар башчынын чечимине нааразы болуп, митингдер башталган.

Үстүдөгү айдын жакасында Текстильщики, Рязань, Кузьминки райондорунда кимдир бирөөлөр 10 миң кол чогултуп, ал жерге мечит салбоо талабы менен Орусиянын президенти Д. Медведевге кат жолдошкон.

27-ноябрда өткөн унаа жүрүшүнө катышкандар колдоруна “Мечит – жок болсун, парк – бар болсун” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүшкөн. Акциянын уюштуруучуларынын бири Михаил Бутримов буларды айтат:

- Биздин мечит курууга каршы болушубуз исламга каршы дегенди билдирбейт. Волжский көчөсүнө соода борбору болобу, же дагы башка жайдыбы, айтор биз буга каршыбыз.

Адистер жарандардын башын бириктирчү маанай ксенофобияга айланып баратканын эскертүүдө. Текстильщики районунда мечит курула турган жер бир топтон бери ээн жатканда аны менен эч кимдин иши жок болгон. Кийинки убакта мыйзамсыз мигранттар эсебинен улам ордо калаада мусулмандардын катары артып барат деген кеп москвалыктарды бушайман кылганы байкалат. “Сова” борборунун жетекчилеринин бири Галина Кожевникова муну көргөн улутчулдар аттанып, өз кызыкчылыгын ишке ашырып жатканын айтат:

- Мечит курбоону талап кылган топту башкаргандар ашынган улутчулдардын ичинен чыккандар. Алар өздөрү неонацисттик көз караштагы топтон экенин жашырышат, андай болбогондо москвалыктардын кыйласы аларга кошулмак эмес.

Он бир миллиондон ашуун туруктуу калкы бар Москвада болгону төрт (дагы бир булак боюнча беш) мечит бар. Ордо калаада мусулмандар табына турган жай жетишсиз болгону өзгөчө Орозо айт жана Курман айт күндөрү баайкалат. Он миңдеген киши башкы мечитке батпай, ачык асман алдында намазга жыгылат. Ошол эле учурда Москвада дегеле канча мусулман бар экени да белгисиз. “Новости” маалымат агенттигинин эсебинде ордо калаада 900 миңден 2 миллионго чукул мусулман бар.