Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

Швейцарияда мечит мунаралары эми курулбайт


Женевадагы мечит, 29-ноябрь 2009-жыл
Женевадагы мечит, 29-ноябрь 2009-жыл

Швейцарияда мечит мунараларын курууга тыюу салуу боюнча референдумдун жыйынтыгы кеңири реакция жаратты. Шайлоочулардын 57,5 пайызы оңчулдардын сунушуна колдоо билдиришти.

Референдумдун жыйынтыгы көпчүлүк байкоочулар үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Буга чейинки сурамжылоолор калктын кеминде 53 пайызы оңчулдардын сунушун четке кагышы мүмкүн деп көргөзүп келген. Өкмөт, бир катар саясий партиялар, бизнес чөйрөсү, башка диндердин өкүлдөрү сунуштун кабыл алынбашы үчүн көп аракеттенип келгени менен, шайлоочулардын 57,5 пайызы мунараларга тыюу салууну колдошту.

Маселе демилгечи болгон оңчул Элдик партия 100 миң кол топтогондон кийин элдик добуш берүүгө коюлган.

Швейцарияда 400 миңге жакын мусулман жашайт. Өлкө калкынын жалпы саны 7,5 миллиондон ашат. Ислам христианчылыктан кийинки экинчи дин болуп эсептелет.

Элдик партиянын өкүлү Улрих Шулердин пикиринде, мунаралар бийликке умтулуунун саясий жана диний символу болуп эсептелет:

- Биз исламга тыюу салбайбыз. Болгону исламдаштыруунун саясий символу болгон мунараларга уруксат бербөөнү көздөйбүз. Мунаранын динге эч кандай тиешеси жок. Ал исламдын саясий жеңишинин символу. Константинополду басып алганда түрктөр адегенде эң ири чиркөөнүн башына мунара тургузушкан.

Дегени менен, оңчулдар элди үгүттөө үчүн мунараларды ракетага окшоштуруп тартып, “кара койлорду” Швейцариядан кууп чыгууга үндөп келишти.

Конфедерациянын курамына кирген 26 кантондордун ичинен сунушту төрт аймактын добуш берүүчүлөрү четке какты. Белгилей кетчү жагдай, мечит мунараларынын мындан аркы курулушуна тыюу салынат, азыркы 4 мунара ошол бойдон тура бермекчи.

Референдумдун алгачкы жыйынтыктары белгилүү болоору менен борбор шаар Берн, Цюрихте бир нече киши нааразылыгын билдирип көчөгө чыкты. Кээ бир жаштар “Бул – менин Швейцариям эмес” деген ураандарды көтөрүп турушту.

Мусулман коомчулугунун өкүлдөрү добуш берүүнү айыпташты. Швейцариянын христиан чиркөөсүнүн башчыларынын бири Феликс Гмүр аны “диний эркиндик жана интеграция үчүн оор сокку” катары сыпаттады.

Египтеттин муфтийи Али Гомаа дүйнө жүзүндөгү мусулмандарга “акаарат келтирилди” деген пикирде. "Эмнести Интернешнл" укук коргоо уюму мунараларга тыую салуу менен Швейцария диний эркиндик чөйрөсүндө өзүнө алган милдеттенмелерди бузушу ыктымал деп эскертти.

Швейцариянын полиция жана юстиция министри Эвелин Видмер-Шлампфтын ырастоосунда, добуш берүү “эл арасында исламчыл экстремисттерден чочулоо сезими бар экенин күбөлөйт”.

Өлкөнүн Жашылдар партиясы болсо Европанын адам укуктары боюнча конвенциясы кепилдеген дин эркиндиги бузулуп жатат деп, Страсбургдагы адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылуу ниетин айтты.

Ал эми Европадагы бир катар улутчул, ашынган оңчул партиялар референдум жыйынтыгын колдошту. Дания жана Голландия улутчулдары өз өлкөлөрүндө ушундай эле добуш берүү өткөрүү ниетин билдиришти.

XS
SM
MD
LG