“Сахароводо 19 күн жатып, Кыргызстанга кайттым”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Санкт-Петербургда полиция намазга келген мигранттарды курчоого алып, айрымдарына аскер комиссариатына чакыруу тапшырганы айтылды. Акыркы күндөрү соцтармакта орус полициясына кармалган же жашынган мигранттар тууралуу видеолор тарап жатат. Расмий органдар 1-10-октябрь күндөр аралыгында Орусияда мыйзамсыз миграцияга каршы “Нелегал-2026” операциясынын экинчи этабы өткөрүлгөнүн маалымдады. Анын натыйжасында 6 500 чет өлкөлүк өлкөдөн чыгарылып, дагы 18 600 мигрантка Орусияга кирүүсүнө тыюу салынганы белгилүү болду.  “Азаттык” ар кандай себептер менен мекенге кайтып келген кыргызстандыктарды кепке тартты.