Санобар Шерматова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Борбор Азия боюнча таанымал адис, Орусиядагы «РИА-Новости» маалымат агенттигинин эксперттер кеңешинин мүчөсү, журналист Санобар Шерматова. 2009-жылдын 30-июлу.

Борбор Азия боюнча таанымал адис, Орусиядагы «РИА-Новости» маалымат агенттигинин эксперттер кеңешинин мүчөсү, журналист Санобар Шерматова Москвада 59 жашында капилет каза тапканы кабарланды.

Өзбекстанда төрөлүп-өскөн, кийин Москвадагы мамлекеттик университетти бүтүрүп, көп жылдар Орусияда иштеп келген Санобар Шерматова Борбордук Азиядагы окуялар боюнча терең анализ, баалуу көз карашын билдире ала турган бирден бир адис саналчу.

Ал Кыргызстанда 2005-жылы жана былтыр болгон чоң окуялар, бийликтин алмашуусуна алып келген элдик толкундоолордун артында тургандар, аларды уюштуруп ишке ашыргандар туурасында коркпой-үркпөй ачык айтып, керектүү учурда расмий Москванын, Бишкектин, Ташкендин дарегине да ачуу сын айта жүрдү.

Бул окуяларды түшүндүрүүдө ал кыргыздардын тарыхый үрп-адаты, кулк-мүнөзүн кошо сүрөттөп, “Кыргызстанда эч ким “хан” боло албайт. Ага элдин мүнөзү жол бербейт,” – деген баасын берген эле.

2010-жылдагы июндагы коогалуу окуялардан кийин 1-июл күнү ferghana.ru сайтына Санобардын “Ош. Сиз мени куткарып калдыңыз” деген кенен макаласы жарыяланды.

Ош, Жалал-Абадда талкаланып-күйгөн көчөлөрдү кыдырып, эл менен баарлашкан Санобар Шерматова ур-тепкиге алынган, аз гана жерден өлүмдөн аман калган өзбектерди корголоп-сактап калган кыргыздар тууралуу кеңири макала жазды.

Көпчүлүк бири-бирин жектеп, жек көрүү сезимине ууланып турган жерге барып ал адамгерчиликти жоготпой, бейкүнөө жапа чеккен кишиге жан тартып, боорукерлигин көрсөткөн мээримдүү каармандарды тапты.

Эл менен сүйлөшкөндөн кийин бул жерде ар кандай күчтөр аракет кылганын түшүндүм. Кылмышкерлер, алданган адамдар, баскынчылар да болгон. Жалпы маалымат мейкиндигинде ак-кара түстө боелгондой, бирөөлөр өлтүрүп, экинчи жагы коргонгон деген сүрөткө дагы көптөгөн бойоктор кошула түштү,” - деп жыйынтыктаган макаласын Санобар.

Кандай окуялар болбосун, андагы ар түрдүү бойокторду ажыратып көрө алган, карапайым адамдардын боорукердик, адамгерчилик сапаттарына ишенген Санобардын өмүрү кыска экен.

Анын деңгээлинде Борбор Азиядан чыккан, Москвада сөзү өткөн эксперттер саналуу гана.

Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Жакындарыңа чын дилибизден көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.