Таттууга катылган ийне кара ниеттикпи же оору кесепетиби?

Момпосуйга ийне каткан окуя Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушунда катталды. (Коллаж)

Бишкектеги жаңы конуштардын биринде балдарга момпосуйга ийне кошуп берүүгө шектүү киши кармалганын милиция ырастады. Ал психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүн экени айтылууда. Бирок экспертиза жыйынтыгы тууралуу маалымат бериле элек.

Бул окуядан кийин парламентте акыл-эс жактан жабыркаган бейтаптарды көзөмөлдөө маселеси көтөрүлдү.

"Көбүнчө кыздарга берген"

Социалдык тармактарда тараган видеодон ийне тепчилген момпосуйдун видеосун көрүүгө болот.

“Бүгүн саат алты жарым чамасында болгон окуя бул. Турар Кожомбердиев менен Жеңишке 70 жыл көчөлөрүнүн кесилишиндеги балдар аянтчасына кыздарым ойногону келген. Бир байке ушундай конфет таратыптыр. Жегенге чейин кармап калдым. Карасам, ичинде ийне бар экен. Ошол жердеги дүкөнгө келип камерасын карасам, толтура балдарга бериптир. Көбүнчөсү кыздарга берген. Бул эмне болгон ийне, эмне болгон момпосуй?” - дейт видеодогу аял.

Видео тарагандан көп өтпөй Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) балдарга момпосуй таратууга шектүү кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, 28-мартта кечке жуук Ак-Ордо конушунун тургуну милицияга кайрылып, кызынын колундагы таттуудан ийне чыкканын билдирген.

“Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн тек-жайы аныкталып, ал Н.Д. болуп чыккан. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жашаган дарегинде жүргүзүлгөн тинтүүдө андан момпосуйлар жана башка буюм далилдер алынган”, - деп жазылган маалыматта.

Учурда бул факты боюнча Тергөө кызматы кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалганы маалым болду.

"Бейтаптарды ким көзөмөлдөйт?"

Бул окуядан кийин депутат Элвира Сурабалдиева парламентте психикалык жактан жабыркаган кишилердин маселесин көтөрдү.

Элвира Сурабалдиева.

“Аябай бир кызыктай маалыматтар келип жатат. Балдарга момпосуй таратып, ичинде ийнелер табылды деп. Мен жалпыга маалымдоо каражаттарын түшүнөм. Бирок ошол эле учурда бул адам оорукчан экени баарыбызга анык болушу керек. Ушундай адамдарга көз сала турган адамдарыбыз эмне кылып жатышат? Акыркы 30 жылда эмес, макул акыркы беш жылда реформаларды кылып жатабыз. Улам жетекчилер алмашууда. Психотерапевттер, ооруканаларыбыз бар, оорулардын каттоолору кайда? Ким карап, ким көзөмөлдөйт? Кармалган адам жүрүм-турумуна жооп бере албайт окшойт. Укук коргоо органдары караса керек эми. Бирок мен бул көрүнүштү ооруканалардагы, Саламаттык сактоо министрлигиндеги реформалардын начар жыйынтыгы деп билем”.

Өткөн жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстанда калктын 11% ар кандай психикалык бузулуулардан жабыркай турганын билдирген. Ушу тапта 50 миңдей адам каттоодо турат.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев БУУнун Маалыматтар кызматына курган маегинде менталдык саламаттыкты жакшыртуу жаатында улуттук стратегия иштелип жатканын кабарлаган. Бирок көп өтпөй кызматтан алынып, андан кийин келген министр да иштен кетти.

Мурдагы министр айткан реформа учурда кандай жүрүп жатканын билүү үчүн Республикалык психиатриялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Жаныбек Ажибековго кайрылдык.

"Психикалык саламаттыкты сактоо боюнча 2018-2030-жылга чейин өкмөттүн атайын программасы иштелип чыккан. Эркин Маратович бизге бул тууралуу айтканда “Улуттук программа бар” деп көргөзгөнбүз. Ага олуттуу өзгөртүү киргизген жокпуз, бирок кичине оңдоп-түзөсөк болот. 2024-жылкы мыйзамда мультидисциплинардык команда түзүү каралган. Ага ылайык, бейтап жардамды жашаган жеринде алышы керек. Командада психиатр, социалдык кызматкер, патронаждык медайым, психолог болууга тийиш. ПРООНдун программасы менен 2014-жылдан бери Кадамжай, Ноокат, Ош, Базар-Коргон баштаган 13 аймакта ушундай топтор иштеп жатат. Мындай команда ар бир район, шаарларда болушу керек эле. Кадр аздыгынан программа 17 эле жерде иштеп жатат”.

Дагы караңыз

"Калктын саламаттыгы улуттук идеология катары каралышы керек"

Жаныбек Ажибеков балдарга ийне берди деген шектүүнүн күнөөсүн укук коргоо органдары, тергөө аныкташы керектигин белгиледи. Ал менталдык оорусу бар адамдардын агрессивдүү жүрүм-туруму байкалган учурда милицияга кайрылууну сунуштады.

“Бизде психикалык көйгөйү бар адамды мажбурлап дарылоо жок. Мурда деле болгон эмес. Мыйзамда өз каалоосу менен дарыланышы керек деп көрсөтүлгөн. Андыктан оорусу күчөп кеткен адамды психиатр өз алдынча көчөдөн алып келе албайт. Чым-Коргон менен Кызыл-Жарда психиатриялык оорукана бар, аларга соттун чечими менен гана жаткырылат. Эки-үч жыл жатып, дарылангандар бар. Калган бейтаптарды биз дарылап гана беребиз. Бирок алар айлап-жылдап ооруканага жатпайт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу социалдык-стационардык мекемелер бар. Психикалык жактан оорусу бар, багар-көгөрү жок болсо ошол жакта кармалат. Ички иштер министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, психикалык жактан оорулуу адам мыйзамсыз аракетке барганда дароо милицияга кайрылыш керек. Көз жаздымда калтырууга болбойт. Ошол эле учурда адам оорубу же жокпу, эксперттер аныктайт. Кээде маанайы жок, үйүнөн урушуп чыккан адамдар деле бирөөгө жөнү жок асылышы мүмкүн”.

Кыргызстанда психикалык көйгөйү бар адамдар кылмышка барган учурда сот чечими менен Кызыл-Жардагы же Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага жаткырылат.

Дагы караңыз

"Оорукчан болумуш этип...". Психиатриялык оорукана кылмышкерлер очогуна айланганбы?

Калган психоневрологиялык жактан жабыркаган, майыптуулугу барлар үчүн өлкө боюнча 17 социалдык-стационардык мекеме иштейт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, бул жайларда кармалган 2 миңден ашуун бейтапты 1640 кызматкер тейлейт.

"Балага коопсуздукту баалоону үйрөтүү керек"

Адистердин айтымында, психикалык оорулар айрыкча күз жана жаз айларында козголот. Андай учурда бейтап өзүн агрессивдүү алып жүрүп, жакындарына же бейтааныш адамдарга асылышы мүмкүн.

Психиатр Кубанычбек Эрмегалиев буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде менталдык көйгөйү бар адамдар дайыма көзөмөлдө болуп, дары ичиши керектигин айткан.

"Кокус дары ичпей, оорусу өтүшүп кетсе, адам үй-бүлөсүнө да батпай калат. Биздин тажрыйбада андай учурлар болгон. Жакындарына тынчтык бербей, агрессия көрсөтө бергендерди эптеп алып келип, оорукананын астына таштап качып кеткендер бар. Аны дарылап, айыктырасың, бирок ошол учурда эч ким издеп келбейт. Жакшы болуп калганда туугандарын милиция же айыл өкмөт аркылуу таап, чыгарган учурлар болууда".

Дагы караңыз

"Уйку жок, өлүмдү ойлойм". Кыргыз коомунда стресске баткандар көппү?

Менталдык оорусу козголгон учурда айрым адамдар бала-бакырага да кол салышы ыктымал.

Мындан улам шаардык милиция шектүү кармалгандан кийин ата-энелерди балдарга көз салууга, оюн аянтчасынан белгисиз адамды көргөн учурда дароо “102” кызматына кайрылууга чакырды.

Психолог Жакшылык Жыргалбеков шаар четиндеги жаңы конуштарда коопсуздук маселеси курч экенин белгилейт. Ал мындай учурда ата-эне балага көз салып, өтө кылдат болууга тийиш деди:

Жакшылык Жыргалбеков.

“Ата-эне балага өз коопсуздугун баалоону, денесине чоочун колду тийгизбегенди, улуу кишилер менен кантип сүйлөшүүнү, өзүн коргоону үйрөтүшү керек. Негизи биздин менталитетте улуу адамдын балага таттуу карматканы жакшы көрүү катары саналат. Бирок ата-эненин уруксаты болбосо бирөөнүн баласын жакшы көрүп, сүйлөшүп же сүрөткө тартып, бирдеме берүүгө болбойт. Анткени булардын баары баланын укугун бузууга жатат. Ата-эне жооптуу болгондон кийин балага көз салууга тийиш. Бирок камкордук фанатизмге өтүп кетпеши керек. Ашыкча коруй берсек, бала киши менен сүйлөшүүдөн, мамиле куруудан качып калышы мүмкүн. Бир нерсени караганда, экинчи жагын дагы эске алганыбыз дурус. Кыргызстанда буллингге же зомбулукка кабылган балдар үчүн “111” ишеним кызматы иштейт. Андан тышкары балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдар бар. Кандайдыр бир мыйзам бузуу болгондо аларга кайрылуу кажет”.

Дагы караңыз

Жарым айда беш бала. Өспүрүмдү өлүмгө эмне түртөт?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматында дүйнөдө бир миллиарддай адам тынчы кетүү, депрессия, биоталаалык бузулуу ж.б. психикалык бузулуудан жапа чегет. Бул оорулар адамдын өзүнө жана экономикага оңбогондой чыгым алып келет.

Мындан улам уюмга мүчө мамлекеттерге 2013-2030-жылдары менталдык саламаттыкты сактоо жаатында жергиликтүү деңгээлде жардам көрсөтүү, менталдык саламаттыкты чыңдоо, маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу өңдүү стратегияларды жүзөгө ашыруу милдети жүктөлгөн.