Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Өкмөттөгү улам өзгөргөн кадр саясаты: Төрөбаев менен Досмамбетов эмнеден жазды?

Коллаж сүрөт, солдон оңго: Каныбек Досмамбетов, Дамирбек Осмонов, Эрлист Акунбеков жана Бакыт Төрөбаев.
Коллаж сүрөт, солдон оңго: Каныбек Досмамбетов, Дамирбек Осмонов, Эрлист Акунбеков жана Бакыт Төрөбаев.

24-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматтан кетти. Акыркы убактардагы кадрдык өзгөрүүлөрдүн себебин Ынтымак Ордо түшүндүрө элек. Ушуну менен акыркы эки жумада ондон ашык жооптуу кызматтагылар жумуштан алынды.

Кыргыз өкмөтүндөгү эки аптадан бери уланып жаткан кадрдык өзгөрүүлөр эми айыл чарба жана саламаттык сактоо министрлерине жетти. 24-февралда вице-премьерлик менен катар айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри кызматын аркалап келген Бакыт Төрөбаев жана саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов катар бошотулду.

Ынтымак Ордо эки министрдин эмнеден улам кызматтан бошотулганын расмий түшүндүргөн жок. Бирок бул эки адам тең бир күн мурун соцтармакка тараган аудио сүйлөшүүлөрдө аты аталган эле. Тагыраагы, аудио сүйлөшүүдө Төрөбаев иниси Эркин Жолдошалиев менен Манас шаарындагы өздөрүнө таандык ишкананын сатылыш жагдайын талкуулап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев келишимдин шарттарын толук аткарбаганы жөнүндө сөз болот.

Бул сүйлөшүүдө УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетовдун да ысымы аталган.

Төрөбаев кызматтан кетер алдында бул аудио тууралуу түшүндүрмө берген. Таймурас Ташиев да түшүндүрмө берип, ал жердеги дооматты четке каккан.

Бул аудио Интернетке тарагандан бир күн өтпөй Төрөбаев да, Досмамбетов да кызматтан алынды.

Бакыт Төрөбаев Фейсбуктагы баракчасына кызматтан кеткен соң билдирүү жазып, анда президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирген:

"Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровго мага көрсөткөн жогорку ишеними жана мамлекетибиздеги тарыхый өзгөрүүлөрдү ишке ашырып жаткан команданын бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Чындыгында артта калган төрт жыл өлкөбүздө өнүгүүнүн, бардык тармактардагы жандануунун жана жаңылануунун мезгили болду. Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевич жетектеген команда менен биргеликте 1 трлн сомдук бюджетке жетип, ИДП жыл сайын туруктуу 9–10 пайыз өсүштү көрсөтүп турду".

55 жаштагы Бакыт Төрөбаев 2022-жылдын 30-мартында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалса, 2023-жылы ага айыл чарба министрлигин башкаруу милдети да жүктөлгөн.

Төрөбаев бул кызматка киришип жатканда өзүнүн башкы милдети катары суу ресурстарын пайдаланууну эффективдүү кылып, айыл чарба тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашыруу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону атаган эле. Бул милдеттерди канчалык аткарганы жоопсуз калды.

Негизи Бакыт Төрөбаев саясатка соңку 20 жылга жакын убакыттан бери аралашып, учурдагы өкмөттөгү амбициялуу министрлердин бири катары сыпатталып келген.

Анын күтүүсүз отставкасы соңку күндөрү Камчыбек Ташиевдин УКМК төрагалыгынан кеткен соң жүрүп жаткан кадрдык алмашууларга туш келди.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Төрөбаевдин отставкасын Интернетке тарап кеткен аудиого байланыштырат:

Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков

"Кечээ аудио жазуулар дагы чыгып кетти. Мен ойлоп турам, ошол жазуулар чыккандан кийин чечим кабыл алынган го. Ал өз каалоосу менен жазып, жыйынтык чыгарды. Ал кишини адис катары айыл чарба багытында чоң долбоорлорго тиешеси бар деп айта алам".

Төрөбаевдин ордуна ордуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу Эрлист Акунбеков көрсөтүлүп, парламент анын талапкерлигин колдоду. 26-февралда президенттин аны бул кызматка бекитүү тууралуу жарлыгы чыкты.

42 жаштагы Акунбеков Ош мамлекеттик университетин аяктаган. Ал бир нече жыл ATS-Group деп аталган агро-өнөр жай ишкананы башкарып, Кыргызстандагы жер семирткич ташып келүүчүлөр бирикмесинин төрагасы болуп эмгектенген. Акунбеков саясатка аралашууга аракет кылып, 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышкан.

Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Акунбековду бул кызматка дайындоодо дал ушул айыл чарба тармагындагы ишкерлик тажрыйбасы эске алынганын белгиледи.

Министр токтобогон саламаттык сактоо тармагы

Ал эми үч ай иштебей кызматтан алынган Каныбек Досмамбетовдун саламаттык сактоо тармагындагы тажрыйбасы өтө эле кыска болду. Ал былтыр 1-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абаддагы башкармалыгын жетектеп турган жеринен саламаттык сактоо министрлигине дайындалган эле.

Досмамбетов медициналык билими жок туруп бул тармакты жетектеген алгачкы министр болуп калды. Аны дайындоо учурунда кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү атайын кызматта иштеген адамдын бул жумушка келишин артыкчылык катары белгилеп, Каныбек Досмамбетов буга чейин өзүн реформатор катары көрсөтө алганын, саламаттык сактоо тармагындагы коррупцияны жоюп, реформа жасап, тартип орноторун айтышкан.

Досмамбетов жумушка киришкени ооруканаларды текшерип барып, айрым жетекчилерди кызматтан алды. Дары-дармек тармагын иретке салууну убада кылып, кадрдык өзгөрүүлөрдү жасоого жетишти. Анын отставкасынын расмий себеби Төрөбаев сыяктуу эле айтылган жок. Саясий чөйрөдө Төрөбаев катышкан аудио сүйлөшүүдөгү аты аталганы үчүнбү деп боолголонуп жатат.

Өлкөдөгү көйгөйү көп, аялуу саналган тармактагы мындай жүрүш дарыгерлер арасында түшүнбөстүк жаратты. Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова президентке кайрылуу жолдоп, мындай шартта эң алгач бейтаптар жабыр тартып жатканын жазды:

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

"Эмне болуп жатат? Жаңы гана тармакты сактоого үмүт пайда болгон. Кыргызстандын баш оорусу көп медицина тармагын бутуна тургузабызбы деген ишеним жаралды эле. Профессионалдар бул тармактагы “өрттү өчүрүп” жетишпей атышат. Баарынан мурун бейтаптар жабыр тартып жатат. Көзгө көрүнбөгөн турбуленттүүлүк негизи стабилдүү иштеши керек болгон медицина тармагын артка тартууда".

Эксперт айткандай, бул министрликте соңку беш жылда алтынчы министр дайындалып жатат. Досмамбетовго чейинки министр Эркин Чечейбаев 10 айдай эле иштеген.

Жаңы министр болуп “Бикард” клиникасынын башкы дарыгери Дамирбек Осмонов көрсөтүлдү. 42 жаштагы Осмонов Эл аралык медициналык университеттин кардиология кафедрасынын башчысы жана “Бикард” кардиологиялык клиникасынын башкы дарыгери. Ал жогорку окуу жайды Стамбулдан аяктап, Түркия, Казакстандагы ооруканаларда иштеген.

Мындан улам Осмоновдун мыкты дарыгер экенин эске салып, саламаттык сактоо тармагын өзгөртөт деп үмүт арткандар болууда. Президент аны министрлик кызматка бекитүү тууралуу жарлыкка 26-февралда кол койду.

Бул күндөрү Министрлер кабинетинде, күч түзүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Парламентте да бир нече депутат мандатын тапшырып, Ош жана Манас шаарларынын мэрлери иштен кетти.

Талдоочу Алмаз Тажыбай Кыргызстандагы соңку болуп жаткан саясий окуялар тууралуу ой бөлүштү:

Алмаз Тажыбай
Алмаз Тажыбай

"Эки киши тандем болуп калган да, ошону жокко чыгарды Садыр Жапаров. Бийликти бекемдеп жатат, анын биринчи баскычы укук коргоо органдарындагы Ташиевге тиешелүү же ага жакын делген жетекчилерди алмаштырды. Муну менен биринчи баскыч бүтүп, экинчи баскычта башка органдарда иштеп жаткандар, Жогорку Кеңештегилер кандайдыр бир тиешеси барларды тазалоо десек болот. Үчүнчү баскычы – ишкерлер УКМК кызматкерлерине каршы арыз берип жатыптыр. Атайын кызматтагы кадрдык тазалоо ушуну менен бүтөт деген ойдомун".

Өткөн апта башынан бери бир катар министрлер жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси жумуштан кетти. Алардын баары Ташиевге жакын кишилер катары айтылууда.

Президент Жапаров 16-февралдагы маегинде “Эл арасында "досу койдурган министрлерди жана жакын адамдарын кызматтан ала баштады, айрымдары өз арызы менен кете баштады" деген сөздөр жүрүп жатат” деген суроого жооп берип, “Өз арызы менен кетип жаткандар болсо, кармабайбыз. Бирок бардык министрликтерде уурулук болгон жокпу, текшерилет” деп айткан.

Соңку кадрдык жүрүштөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00



Шерине

XS
SM
MD
LG