СССРдин аң-сезимде калган мөөрү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дүйнөлүк тарыхтын нугун өзгөрткөн окуя – СССР деген ири державанын ураганына 25-декабрда 31 жыл болот. 15 союздук республиканы бириктирип, калкы 290 миллионго жетип, Кытай, Индиядан кийинки эле орунда турган чоң өлкө туура 100 жыл мурун - 1922-жылы, 30-декабрда түзүлгөн.

31 жылда десоветизация же эгемен өлкөлөрдүн калкынын массалык аң-сезиминде кандай өзгөрүү болду? Эгемендикке эгедер болгон пост-советтик мамлекеттердин бийлиги советтик-тоталитардык башкаруу системасынын калдыгынан толук кутула алдыбы? Тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов, Bizdin.kg сайтынын негиздөөчүсү, журналист Чоробек Сааданбек менен талкуулайбыз.