Жыл сайын жай айларында кыргызстандык дыйкандар сугат суу көйгөйүнө тушугат. Суу талаш улам кызып, суу бөлүштүрүүчү чарбалардагы кыйынчылыктар жана эскирген сугат каналдарынын айынан айрым дыйкандардын эгин-тегини куурап, чыгым тарткан учурлар да аз эмес. Өлкөдөгү суу тартыштыгы эмнеден улам болуп жатат? Буга чабал менежменттен тышкары глобалдык экологиялык, климаттык өзгөрүүлөр да себеп болуп жаткан жокпу?
Бишкекти таштап, айылдан суу таппаган жубайлар
Жогорку билимдүү жубайлар, Наамат жана Бактыгүл Бишкектеги жумушун таштап, алты жыл мурда Ысык-Ата районунун Интернационал айылына көчүп барган.
Алар мындан аркы жашоосун элетке байлап, насыяга кымбат баалуу уруктарды сатып алып, 5-6 гектар жерди ижарага алышкан экен.
Жубайлар Кыргызстанда дыйканчылык кылуу оор экенин алгачкы жылы эле сезишкен.
Бактыгүл Белекованын айтымында, суунун тартыштыгынан алгачкы жылы эле банкрот болушкан экен.
“Баарын изилдеп отуруп, беденин Италияда өскөн “жея” деген сорту жакшы экенин билгенбиз. Уругунун ар бир килограммын 500 сомдон сатып алдык эле. Дыйканчылыкты баштаган жылы эле суу тартыштыгынан бир нече гектар бедебиз күйүп кетти. Сууга такыр жетпей койдук. Айлабыз кеткенде Айыл чарба министрлигине, басма сөз өкүлдөрүнө чейин кайрылып, бул проблеманын өзөгүн изилдөөнү сурандык. Тилекке каршы, эч кандай натыйжа чыккан жок. Алты жылдан бери бардык эгиндин түрүн айдап көрдүк. Жүгөрү, буудай, беде, арпа эктик. Бирок ар бир өсүмдүктүн сугаруу тартиби ар башка болот экен. Маселен, бедени үч жолу сугарсак, жүгөрү белгилүү бир убакытта төрт-беш жолу сууну талап кылат. Суунун тартыштыгынан эки же бир эле жолу сугарып, жыл сайын чыгымга учурап жатабыз”.
Жубайлар мындай ийгиликсиз дыйканчылыктын себебин өз ара талкуулашып, сугат суудагы көйгөйдүн түпкү тамыры эмнеде экенин билүүгө аракет кылышкан.
Алардын айтымында, суу бөлүштүрүү тармагындагы чаржайыт саясат, жең ичинен сууну сатуу сыяктуу терс көрүнүштөр бейкүнөө дыйкандарды сызга отургузуп жатат.
“Чоң суу каналдан фермерлерге сууну жеке менчик СПАлар (Суу пайдалануучулар ассоциациясынын бөлүмдөрү) бөлүштүрөт. Мына ушул СПАлар эгин талааларын туура эмес анализдеп, дыйкандарды кезекке туура эмес койгондуктан, сууну жең ичинен сатышып, башка райондорго буруп салышарын билдик. Биз жашаган Ысык-Ата районунда шаарды кум, таш, шагыл менен камсыз кылган карьерлер бар. Ошол ташты жууп сатса кымбат турат. Айдоо жерлердин сугат сууларын СПА жетекчилери ошол ишкерлерге сатарын аныктадык. Мунун баарын Айыл чарба министрлигине бир эмес, бир нече ирет кат аркылуу да, оозеки да айтып, чече албай койдук. Мурдагыдай эле ар бир айылга дыйкандарды жакшы билген мурап дайындап, ага элдин керектөөсүнө ылайык суу бөлүштүрүү милдетин жүктөсө болмок. Ушуну талап кылсак да аткарбай жатышат”, - деди Белекова.
Мамлекеттик статистика комитети 2019-жылы сугат талаалары Кыргызстанда жалпы 1,2 миллион гектарга чукул деп берген. Адистердин айтымында, дыйканчылык талаалардын көпчүлүк бөлүгү Чүй облусунда жайгашкан.
Бирок райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Эрлан Омуралиев тартыштыкты климат жана каражатка байланыштырды.
«Ысык-Атадагы Рот-Фронт, Интернационал сыяктуу көп жери бар айылдарда азыр болгону 1200 куб метр суу болуп жатат. Аны биз Чүй району менен бөлүшөбүз. Бул суунун 72% Чүйдүкү, 28% Ысык-Ата районуна таандык. Быйыл эмнегедир тоодон түшкөн дарыяларда суу аз. Айла жок эки айыл өкмөттүн суусун жаап, проблемалуу талааларга сууну кууп берип жатабыз. Суу тартыштыгы күн ашыкча ысыганга байланыштуу болуп жатат да. Быйыл кургакчылык болору тууралуу жыл башында эле бизге Кыргызгидрометтен маалымат келген. 6-марттан тарта дыйкандарга түшүндүрүп, дан эгиндери айдалган талааларды, бедени бир ирет сугартып алганбыз. Эми кызылчаны сугаруу башталды, андан кийинки кезекте жүгөрү талаалары турат. Биз жылда сууну текке кетирбейли деп канал, арыктарды бетондоп, оңдогонго аракет кылуудабыз. Бирок бюджетибиз чектелүү болгону үчүн баары бир жоготуу болбой койбойт экен да».
"Мөңгүлөрдөн суу аз түшүп жатат"
Өкмөттүн алдындагы Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин эсеби боюнча Чүй облусундагы мөңгүдөн агып түшкөн дарыялардагы суунун көлөмү жылдан жылга азаюуда.
2020-жылы аймактагы Чүй дарыясынан тышкары Аламүдүн, Ала-Арча, Кара-Балта жана Сокулук дарыяларындагы суу нормадан 40% аз келүүдө. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе аз. Чоң-Кемин дарыясындагы суу да 50% азайган.
Аталган агенттиктин жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев сугат сууларынын тартылышына климаттагы глобалдык өзгөрүүлөр себеп экенин белгилеп, андан кийинки факторлорго токтолду:
«Ирригациялык системалардын баары Советтер Союзунда курулган. Мындан тышкары ошол системалардын 75% айдоо талаалары үчүн багытталган. Экинчиден, илгери колхоз-совхоздордун талааларында эгилген эгин бир гана түрдө болчу. Каналдар ошого эсептелген. Азыркы тапта ошол эгин талааларына жүздөгөн адамдар ээлик кылып, ар бири ар башка нерсени тигип жатпайбы. Эски каналдар менен келген суу ушул себептен тартыш болууда. Аларды жаңыртууга мүмкүнчүлүк жок. Айыл чарба министрлиги дыйкандарга сугатка ыңгайлуу эгиндин түрүн сунуштап, анализ жасап берсе бизге да ыңгайлуу болмок. Мисалы бирөө кулпунай, экинчиси буудай, үчүнчүсү дарбыз тигет. Алардын бир түрүн бир эле жолу сугарыш керек болсо, кээ бирин 10 жолу сугарышат. Анан өлчөмүн да карабай, сугат суу жетеби деп анализдебей эле көп жерге эгип алышса, каналдагы сууну жеткирүү мүмкүн эмес».
Баткенде да абал оор
Баткенде бир топ түшүм бере турган жерлер азыр суу тартыштыгынан улам кысыр калууда. Бир жылда эки жолу түшүм ала турган жерлерди өздөштүрүү боюнча бир топ долбоорлор даярдалган. Бирок алар качан ишке ашары белгисиз.
Кадамжай районунун тургуну Хамыт Имаркулов 8 гектар жеринин 4 гектарына гана буудай айдаган. Калганы суу тартыштыгынан улам бозоруп жатат.
«Бизде гилас, шабдаалы бар. Жаздан бери суу жетпей үч-төрт жолу жалбырагы түшүп калды. Мына бизден Өзбекстандын каналы өтөт, аларга суу жыгылса биз жыргап калабыз. Биздин айдоо жерибиз аябай таштак. Ошентсе да аракет кылып, дыйканчылык кылуудабыз. Эгер суу болсо, айдоо талааларга жүгөрү эксек деле болмок. 8 гектар жерди иштетебиз деп насыя алганбыз. Анын жарымы эгилбей турат».
Айыл чарба министрлиги өлкө боюнча сугат суу маселесин чечүү үчүн 58 млрд. сомго долбоорлорду даярдап, маселе каржыга келип такалган. Баткен облусунда жалпысынан 60 миң гектардан ашуун айдоо аянты бар. Сугат суу маселеси чечилсе, айдоо жерлерди дагы 30 миң гектарга көбөйтсө болору айтылган. Бирок ал демилгелер үчүн каржы маселеси качан чечилип, качан ишке ашары белгисиз.
Кыргызстанда быйыл түшүм кандай болот?
Кыргызстандын суу пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы Эркинбек Кожоев өлкөдөгү сугат суу инфраструктурасы 30 жылдан бери талкаланып калганын, ирригациялык системанын ашып кетсе 25% гана иштеп жатканын айтты:
“Ички чарбалык каналдардын акыбалы абдан начар. Советтер Союзу мезгилинин акыркы 80-жылдары, андан кийин 1990-2000-жылдары бул каналдар таптакыр каралбай, оңдолбой калган. Ушундай тамтыгы чыккан каналдарды мамлекет өз карамагынан чыгарып СПАларга өткөрүп берип койгон (Суу пайдалануучулар ассоциациясы). Мындай практика эч жерде жок. Ал тургай Тажикстанда да мамлекет баарын оңдоп, анан дыйканга берет. Бизде жеке менчик секторго кароосуз калган ирригациялык тармакты берип коюшту. Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык донорлор менен чогуу калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бирок 25% гана оңдолду. Ички чарбалык ирригациялык каналдарды кароо, оңдоого коюлган тарифтер абдан төмөн. Оңдоо иштерине акча жетпейт. 488 суу пайдалануучулар бирикмесинен 146сында гана калыбына келтирүү иштери жүрдү. Бул эң көп дегенде 40% каналдар гана эптеп оңдолду дегенди билдирет”.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сугат тармагындагы көйгөйдүн дагы бир олуттуу маселеси – кесипкөй аналитиктердин жоктугу. Тоолуу аймактардагы ирригациянын оош-кыйышын, жер кыртышын жакшы билген, заманбап сугат системаларын киргизген адистикке кызыккандар өтө аз.
Эркинбек Кожоев сугат суу бөлүштүрүү тармагында иштегендердин маянасы ашып кетсе 5-6 миң сом экенин белгилеп, мындан улам мурапчылык же суу бөлүштүрүүгө, каналдарды оңдоого ынтызар адамдар аз экенин айтты.
Кыргыз өкмөтү 2026-жылга чейин ишке ашуусу пландалган “Суу чарбасын өнүктүрүү” деген мамлекеттик программаны кабыл алган. Ага ылайык айдоо аянттары үчүн жаңы ирригация системалары курулушу керек. Бюджеттен жана чет элдик донорлордун жардамы менен ишке ашуусу күтүлгөн программанын жалпы баасы 59 миллиард сомго бааланганын Суу ресурстары агенттигинин жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди.
Ал эми макаланын башында сөз болгон Белековдордун үй-бүлөсү май айында бедесинин алгачкы чабыгын алышканы менен кирешесин насыясын жапканга жеткире албай коюшту. Эми алар күнү-түнү Чүй боорундагы сугат суунун кезегин күтүп, күздөгү жүгөрүнүн түшүмүнө үмүт артып отурушкан кези.
Пандемия да кургакчылыкка себеп болууда
2020-жылы дүйнө пандемиянын кесепети менен алышып жатканда бардык континенттерде кургакчылык байкалууда.
Маселен, дүйнөлүк экологиялык басылмалар Швейцариянын Женева, Франциянын түштүк-чыгышындагы Гренобль шаарларында жаз айларында 40 күн бою жамгыр жаабаганын, Украина, Румыниядагы суу сактагычтар жарымына чейин бөксөргөнүн жазышууда.
Эл аралык эксперттер жайкысын кургакчылыктан улам эгин талааларын саранча каптап, дүйнө бир топ чыгым тартышы мүмкүн экенин божомолдошууда. Аргентина, АКШда быйыл күн өзгөчө ысып, кургак аба ырайы өкүм сүрүп турган кези.
Дагы караңыз Мөңгүгө бай өлкө сууга зарЭскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.