Суу кескин азайды. Кировдогу азыркы абал

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Талас облусундагы 1976-жылы ишке берилген Киров суу сактагычында быйыл суунун көлөмү эң төмөнкү чекке түштү. 550 млн метр куб суу баткан суу сактагычка топтолгон суунун 80% коңшу Казакстан, 20% Кыргызстан колдонот.

Учурда суунун көлөмү кескин азайып, 10-14 млн куб метрди түзүүдө. Мындан улам Казакстанга суу берүү 13-августта токтотулган. Былтыр ушул убакта суунун көлөмү 100 млн куб метрге жакын болчу.