Талас: саргайган туялар, сапырылган акча

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Талас шаарында 4,5 миллион сомго алынган туялардын дээрлик баары куурап калды. Негизги үч көчөгө отургузулган көчөттөр үч айдан бери саргайган бойдон турат. Ар бири 2190 сомдон бааланган эки миң туя Жерүйдүн акчасына тендердин негизинде Польшадан сатып алынган.