"Талибан" бийлигине беш жыл: Борбор Азия менен Ооганстанды эмне кызыктырат?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Талибан" кыймылы Кабулдагы бийликти басып алганына беш жыл болду. Бул арада талибдердин өкмөтүн Орусиядан башка бир да өлкө расмий тааный элек. Ошол эле маалда Борбор Азиядагы коңшулары "Талибан" менен экономикалык, соода алака-катыштарын өрчүтүп жатат. Согушкер топтун колундагы бийлик менен кызматташтык аймактык перспективадан алганда кандай кызыкчылыктарга жана тобокелдиктерге туш болушу ыктымал?