Тажикстан: миграцияга кеткен мугалимдер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тажикстанда мугалимдер маянанын аздыгынан улам жапырт миграцияга кетип жатканы байкалууда. Коңшу өлкөнүн эң ири аймактарынын бири Хатлон облусунда былтыр 2 миңден ашуун мугалим мектепти таштап, чет өлкөлөргө иш издеп кеткен. Ал эми тажик бийлиги мындай көйгөйдү катардагы көрүнүш деп баалайт. Учурда 9 миллиондон ашык калкы бар Тажикстанда 30 миңден ашуун мугалим эмгектенет.