Текебаев: Батукаевди чыгарууга Атамбаев кийлигишкен

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн депутат Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын берип, анда президент Алмазбек Атамбаевдин саясий күрөштөгү ыкмаларын кескин сындады. Ал ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө Атамбаев түздөн түз күнөөлүү деп билдирди. Президенттик аппарат Өмүрбек Текебаевдин айткандары боюнча үн ката элек. Маалымат жыйындын толук версиясын "Азаттыктын" YouTube каналынан көрө аласыздар.