БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча чечим чыгарды. Комитет Кыргызстан адилет соттук териштирүүнүн негизги кепилдиктерин бузган деп таап, мамлекеттин Текебаевге тийиштүү компенсация төлөө милдети тууралуу эскертти. Бул тууралуу анын ошол кездеги жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын 26-ноябрында Женева шаарынан БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Өмүрбек Текебаевдин 2017-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылышына байланыштуу арызы боюнча чечими кабыл алынганы тууралуу расмий билдирүү келген.
«БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргыз Республикасы адилеттүү соттук териштирүүнүн эки фундаменталдык кепилдигин бузганын аныктады. Алар: коргонууга даярдануу үчүн жетиштүү убакыт жана мүмкүнчүлүк алуу укугу, ошондой эле өзү тандаган адвокаттын юридикалык жардамын алуу укугу. Ошондой эле Комитет мамлекеттин Текебаевге тиешелүү компенсация төлөп берүү жана келечекте мындай укук бузууларга жол бербөө үчүн тийиштүү чара көрүү милдетин аныктады», - деп айтылат маалыматта.
Жактоочу Чынара Жакупбекова «Азаттыкка» комментарий берип жатып, чечим жакын арада тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөрүн билдирди.
2017-жылы Башкы прокуратура саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновго каршы кылмыш ишин козгогон. Аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, «Мегаком» компаниясы сатылгандан кийин аны кошумча каражат менен кайтарып берүүнү убада кылган деген негизде «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча айып тагылган.
Саясатчылар муну ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу деп атап, күнөөсү жоктугун айтып келишкен.
Ошол эле жылы экөө сегиз жылга эркинен ажыратылган. Бирок 2019-жылдын 21-августунда Жогорку сот айыптоо өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Ал эми 2021-жылдын 13-апрелинде прокуратура тарап айыптоодон баш тартып, сот Текебаев менен Чотоновду актаган.
Кыргызстандын Германиядагы азыркы элчиси, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана алты чакырылышынын депутаты, «Ата Мекен» социалисттик партиясынын негиздөөчүсү, мурдагы бийликтердин негизги оппоненти болгон саясатчы Өмүрбек Текебаев бул чечим боюнча азырынча комментарий бере элек.